Menu

Эрлан Абдылдаев, ТИМ министри: «Кыргызстандын дүйнө алдында абийири таза»

Бөлүшүү:

Ошентип АКШнын Нью- Йорк шаарында БУУнун башкы ассамблеясынын кезектеги 71-сессиясы өз ишин жыйынтыктады. Кыргызстандын атынан ага атайылап аттанып чыккан жеринен президенттин ден соолугу начарлаганына байланыштуу атайын делегацияны өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеп барып, жыйында Кыргызстандагы адам укуктары, эл аралык байланыштар, коңшу-колоңдор менен болгон мамилелер, жаратылыш ресурстарынпайдалануу боюнча кеңири доклад жасап, катышкандардын көңүлүн бурдуруп кайтты. Эмесе ошол президент өзү даярданып, бирок министрдин оозу менен дүйнө коомчулугуна жеткен докладдын кыскача вариантын окурмандарга сунуш этели…

ЕККУнун “эки бети”…

Кыргызстан дүйнөлүк, эл аралык уюмдарга мүчө мамлекет катары адам укуктарын сактоо жана барктоо боюнча бардык эл аралык талаптарды аткарып келе жатат.Анын ичинде ошол эле Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) демократиялык баалуулуктарын сактоодо эч кандай эрежелерди бузган жок. Бирок буга карабастан аталган уюмдун өлкөгө айрым учурда кош стандарттуулук менен мамиле жасап, көз карандысыз мамлекеттин ички ишине кийлигишип, чагымчылык кылуусуна Кыргызстан тикелей каршы.

Ооба, анткени жакында эле Варшавада өткөн ЕККУнун жыйыны учурунда жыйындын уюштуруучулары эл аралык издөөгө алынган жана Кыргызстандын көз карандысыз соту аркылуу сыртынан өмүр бою камакка кесилген, күнөөлөрү бардык инстанцияларда далилденген сепаратист Кадыржан Батыровго эл аралык трибунадан сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берди. Бул албетте көз карандысыз, демократиялуу өлкөнү сыйлабоо жана анын ички ишине кийлигишип, улут аралык чырды кайрадан ырбатуунун дагы бир себепчиси болуп калуусу мүмкүн. Мына ушуларды эске салган ТИМ министри Эрлан Абдылдаев ЕККУну жана Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюрону кош стандарттуулуктан чыгып, акыйкаттык менен мамлекеттерге мамиле жасашын, көз карандысыз, эми гана парламенттик демократияны нөлдөн баштап куруп келе жаткан Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип демократиялык калыптануусуна кедерги тийгизбөөсү керектигин БУУнун башкы ассамблеясынан суранып өттү…

Суунун да сурагы бар!

Кыргызстан түбөлүк мөңгүлөрү бар, ири суу кору бар мамлекет экенине карабай, сууну жалпы пайдаланган мамлекеттерден адекваттуу түрдө эч кандай экономикалык компенсация ала элек. Мындай чыркыраган чындыкты да ошол БУУнун жыйынында Кыргызстандын ТИМ министри Эрлан Абдылдаев айтып, суу ресурстарын пайдалануу боюнча эл аралык укуктук- ченемдик документтерге баш ийген мамлекеттер арасында бул боюнча муз ордунан жыла электигине токтолду.

Ал айтмакчы, эсил кайран СССР кулаганы постсоветтик өлкөлөрдүн суу ресурстарын пайдалануу боюнча өз ара кызматташтыгынын ыргагы бузулуп, коңшулар милдеттемелерди так аткарбай келишет. Ошого карабай Кыргызстан ири көлөмдөгү сугат сууларын өзүнүн суу сактагычтарында сактап, коңшулаш мамлекеттердин айыл чарбасынын күрөө тамырына кан жүгүртүп келе жатканы жашыруун эмес. Бирок мындай айкөлдүк мамилеге жараша суу пайдалануучулар Кыргызстанга жооп кылып тиешелүү түрдө компенсация төлөп же бул үчүн экономикалык жактан эки тарапка тең ыңгайлуу сунуштарды айта элек. Тескерисинче алар Кыргызстанга киргизген ар кандай ресурстарынын баасын жыл сайын кымбаттатып, өз кызыкчылыктарын үстөмөндөтүп келе жатканын коомчулук ачык билип, реакция кылуусу кажет.

“Ушундан улам Кыргызстан айласыздан арзан жана таза электр энергиясын өндүрүп чыгуу үчүн дагы ГЭСтерди куруп, электр энергиясына болгон суроо-талапты азайтуунун аракетин көрүп жатат. Бирок ошол эле маалда мындай долбоорлорго коңшулаштар сын көз менен карабай, колдошу зарыл. Андыктан Борбордук Азия суу жана энергетика ресурстарын жалпы пайдалануу үчүн бирдиктүү түшүнүшүүгө барып, комплекстүү долбоорлорду бирге аткарышы керек”, – деди кыргызстандык министр… Ал өз сөзүндө акыркы статистикаларга таянуу менен жакынкы 25 жылдын ичинде дүйнөдөгү, Борбордук Азиядагы суу ресурстары 40 пайызга азаяры бул деген глобалдык маселе экенин, анын алдын алып азыртадан сууну эффективдүү пайдаланууга аракеттенүү зарылдыгын кошумчалады…

Диний экстремизмге маданий диалог!

Андан ары министр Эрлан Абдылдаев БУУнын сессиясында эл аралык мамилелерди жөнгө салып, адамзатты тооруган ар кандай коркунучтарга, анын ичинде диний терроризмге карата дүйнө өлкөлөрү кызматташтыктын жаңы долбоорлоруна бирге баруусу керектигине токтолду. Айрыкча ал диний экстремизмдин жагдайына токтолуп, бул миллиондогон адамдардын укугун тебелеп, бүтүндөй дүйнө маданиятын орду толгус жоготууга учуратып, дүйнө калктарынын диний ишенимине, улутуна, өлкөсүнө карата бөлүнүп-жарынып, корунуп жашоосуна алып келген жагдайдын алдын алууга чакырды. “Терроризм, экстремизм, диний радикализация жана күйгүлтүккө түшүү сыяктуу феномендер дүйнөлүк ири державалардын тиреши аркылуу күчөбөй, тескерисинче алардын бирдиктүү пикир келишүүлөрү менен жөндөлүп, тынчышы керек. Ошондой эле башка мамлекеттердин да сырттан карап туруусу туура эмес. Мисалы, Кыргызстан эл аралык маданий алакаларды жакшыртып, улуттар, өлкөлөр ортосундагы достукту чыңдоо, жарандарды жакындатуу менен гана чоң коркунучтарга чогуу бараарына бөркүндөй ишенет. Мына ошондуктан биз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруп, маданий диалог аркылуу гана диний радикализмди жеңүүгө аракеттенип жатабыз”, – деди министр Э. Абдылдаев.

Ага кошумча, экономикалык байланыштарды чыңдоодо ири өлкөлөр өз кызыкчылыктарын гана ишке ашырып, жаш, майда мамлекеттердин экономикасына сокку урбашы керектигин, тескерисинче дүйнө тынчтыгы так ошол жаш өлкөлөрдүн экономикалык жана саясий теңчилигине жеткенде гана пайда болоорун айтып, эч убакта айрым мамлекеттер башка мамлекеттин экономикалык тунгуюкта турушунан пайда көрбөсү керектигин ачык билдирди. Ошентип президент барбай калса эле БУУнун башкы ассамблеясынын кезектеги сессиясында Кыргызстандын үнү угулбай калат деп тынчсыздангандарга жогорудагыдай жакшы жоопторду берсек болгудай. Биз БУУга мүчө өлкө катары анынжыйындарына демейдегидей эле катышып, сөз алып акты ак, караны кара деп келе алдык. Калганын эми иш көрсөтөт….

Тынчтык Алтымышев

Булак: Фабула

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: