Мына ушундай маселени Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги көтөрүп чыкты. Учурда бул маселе өкмөт тараптан колдоо таап жатат. Белгилүү болгондой целофан баштык 200 жылга чейин чирибей сакталып тура берет. Ал эми биздин элдин тазалыкка болгон маданияты өтө жогору деп айтууга болбойт. Себеби, целофан баштыктар айылды кой, Бишкекте көрүнгөн жерде ыргытылып жатканын жакшы билебиз. Дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүндө мындай целофан баштык эчактан бери эле колдонулбай, жалаң кагаз баштыктар колдонулуп келет. Биз да кагаз баштыкка өтүп алсак, ырас эле болчудай…
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ