Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери психикалык жактан оорулуу аялга дагы айдоочулук күбөлүк тартуулашкандыгы тастыкталды. Бул жөнүндө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынан маалымдашты. Маалыматка караганда, аталган мекеменин Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2014-жылы К.Ы. аттуу жаранга “ВВ1” жана “СС1” категориясында, ал эми Ош шаардык бөлүмүнүн өкүлдөрү 2016-жылы Д.К. аттуу жаранга “ВСС1” категориясында автоунаа айдоого уруксат күбөлүгүн тапшырышкан. Тилекке каршы, аталган кишилер психикалык оорулар боюнча Ош облустук ооруканасынын Ноокат райондук Үй-бүлөлүк медициналык борборунда каттоодо турушкан. Ал эми К.Ы. аттуу жаранга “Акыл-эси такыр артта калган” жана “Эпилепсия” деген диагноз коюлган. Эки фактынын негизинде ар бирине өзүнчө кылмыш иши козголуп, ушул тапта тергөө иштери башталды. Айтмакчы, автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти Мамлекеттик каттоо кызматына баш ийет.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ