Menu

Эл өкүлдөрү маданият үйлөрүн жакшыртуу, маданият кызматкерлеринин эмгегин баалоо маселелерин көтөрүштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер саатында” эл өкүлдөрү өлкө аймагындагы маданий жайлардын абалы боюнча маселе көтөрүштү.

Жалал-Абад шаарындагы “Мир” кинотеатрынын айланасын базар каптап, шаардыктардын маданий эс алуусуна тоскоол болуп, шаардын көркүн бузууда. Депутат Тазабек Икрамов шаардыктардын маданий көйгөйүнө Өкмөттүн көңүлүн бурду. Анын айтымында. бул кинотеатр көп жылга ижарага берилип кеткен.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айыл өкмөтүндө 2001-2002-жылдары таза суу чыгарылган. 2009-жылы суунун башындагы бассейнди сел алып, натыйжада Маяк, Көк-Талаа, Достук айылдары суусуз калышкан. Депутат Закир Шарапов Марказ айыл өкмөтүнүн аталган айылдарынын тургундарынын жогоругадай көйгөйүн айтты. Ошону менен катар бул айыл өкмөттүн маданият үйүн ишке киргизип берсе деген элдин өтүнүчүн дагы кошумчалады.

Ош облусунун Кара-Суу районунун маданият үйү 40 жылдан бери ремонттон өткөн эмес. Депутат Айнуру Алтыбаева бул маданият үйүнө талап кылынган 6 миллион сомдон ашуун каражатты аткаруу бийлиги караштырышы керектигин белгиледи. Ошондой эле А.Алтыбаева ар бир айылга, ар бир шаарга ар бир жаран бирден бак тигүү долбоору тууралуу маалымат берип, кесиптештерин мындай демилгени колдоого чакырды.

Депутат Алмазбек Эргешов 2018-жылы кыргыз парламентинин 80 жылдыгын татыктуу өктөрүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу зарылдыгын билдирди. Мындайн сырткары, Алмазбек Эргешов Аксы районунун Авлетим айылындагы 1958-жылы салынган оорукананын оор абалын айтып, жаңы имарат куруу керектигине аткаруу бийлигинин көңүлүн бурду.

Маданиятка кылган мамилебиз ушул деген депутат Ирина Карамушкина эл артисти, белгилүү актриса Назира Мамбетованын кичинекей бир барак тамда жашаган турмушун айтып, КР Өкмөт башчысына эл артистинин 70 жылдык маарекесине байланыштуу аны үй менен камсыз кылууну сунуштады.

Кыргыз эл баатыры, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы Кытайда салтанаттуу түрдө белгиленгени турат. Депутат Улукбек Ормонов борбор калаага Ж.Мамайдын айкелин тургузуу, көчөлөрдүн бирине анын атын ыйгаруу маселеси дале чечилбей тургандыгын аткаруу бийлигине жолдоду. Мындай маселени депутат Калдарбек Баймуратов дагы улады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: