Бишкекке Кореядан жана Вьетнамдан 42 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, жарандар Корея тарап уюштурган “Сеул – Бишкек – Сеул” каттамы боюнча “T-way” авиакомпаниясынын чартердик рейси менен келишкен.
“Бардык келген жарандар тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды” – деп айтылат маалыматта.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ