Ахматбек Келдибеков, жубайы Аида Токтоматова жана мурдагы депутат Феликс Куловдун жубайы Фатима Абдырасулова «Ала-Арча» VIP-шаарчасынын башкармалыгынын имаратын басып алганы айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Евгения Кухта 17-январда айрым маалымат каражаттарына берген маалыматына ылайык, алар башкармалыктын документтерин жана мөөрүн алып бербей жатышат. Анын айтымында, башкарма эки жылга шайланат. Ал шаарчаны кантип өнүктүрүү керектигин чечет. Эки жыл мурун жаңы башкарма келип каржы милдеттенмелерин өзүнө алган. Ошондой эле Кухта эсептеги акчалар максатсыз пайдаланылып жатканын да кошумчалады. Бул боюнча Келдибеков тараптан эч кандай жооп болгон жок. Кулов менен Келдибековго эмне жетпейт дейбиз да. Аялдарына алдары жетпей калган го. Болбосо майда-чүйдө нерсеге жаманатты болушпайт эле.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ