Menu

Ашхабад аэропортунда багажынан Куран китеби табылган аял кармалды

Бөлүшүү:

Ашхабад аэропортунда Түркиядан Түркмөнстанга учуп келген аял кармалып, суракка алынган. Жүргүнчүнүн багажынан диний адабияттар табылган.

Маалыматтарга караганда, ал эмгек визасы менен Түркияда иштеп жүргөн жана туугандарына жолугуу үчүн Түрмөнстанга келген.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, жүргүнчү миграциялык көзөмөлдөн өткөндөн кийин полиция кызматкерлери аны суракка алып кетишкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин аялдын багажындагы Куран китеби кызыктырган.

Жүргүнчү аял 24 саатка кармалып, суракка алынган. Ал бир нече Куран китебин туугандарына белекке берүү үчүн алып келе жатканын айткан.

Тартип сакчылар аялдан Куран китебин окуп берүүнү талап кылышкан. Бирок ал даараты жок окуудан баш тарткан. Бирок полиция кызматкерлери аны мажбурлап окутушкан. Эртеси Ашхабад мечиттериндеги молдолордун бирин алып келишкен, ал аял китепти туура окуганын тастыктаган.

Лебап облусуна келгенде жергиликтүү укук коргоо органдары аялды кайрадан суракка алышкан. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: