Menu

Жол кырсыктарын азайтуу, медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо КР Өкмөтүнө тапшырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер саатында” эл өкүлдөрү жол, азык-түлүк коопсуздугу, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу зарылдыгын белгилешти.

Адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын келип чыгуу себептерине депутат Бакирдин Жамалдинов өзүнчө талдоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында негизги себептердин бири катары айдоочуларды даярдоочу жеке мектептердин сапатсыз окутуусу аталды. Депутат КР Өкмөтү коомдук уюмдар менен бирге аталган маселеге анализ жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алышы керек дейт. “Парламенттин тармактык комитети дагы бул маселеге дагы көңүл бурса, жүргүзүлгөн иликтөөлөр жол кырсыгын азайтууга пайдасы тиет эле”,- дейт Б.Субанбеков.

Депутат Махабат Мавлянова Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду өз миссиясын аткара албай, бюджеттен каралган жана камсыздандыруу төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттар максаттуу пайдаланылбай жатканына токтолду. Депутат айым камсыздандыруу төлөмдөрүн жумшоо системасы Казакстанда жакшы жолго коюлгандыгын айтып: “Кыргызстан жарандары сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздалбай жатат”.- дейт.

Депутат Аида Исмаилова чет өлкөлөрдөн, айрыкча, Кытайдан келип жаткан азык-түлүктөрдүн коопсуздугу боюнча маселе көтөрүп, өлкөгө кирип жаткан азык-түлүктөр текшерилип, мониторинг жүргүзүлүп жатабы деген маселени кабыргасынан койду. Ошону менен катар А.Исмаилова органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү керектигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: