Menu

Элибиз Исаковго жазда баасын берсе, Жээнбековду күзгө чейин сынайт…

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбековдун президент катары иштешине кыйла мүмкүнчүлүктөр ачылган. Эң башкысы, өлкөдө стабилдүүлүк бар. Мындай шартта адилеттүү башкаруу менен таза иштеп, Кыргызстанды өнүккөн мамлекеттердин катарына кошсо болот.

Эске салсак, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев президент болгон кезде абал башка болчу. Тымызын да, ачык да «бөйрөктөн шыйрак чыгарууга» ниеттенгендер, маселен, ошол эле Нариман Түлеев, Мелис Мырзакматов, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров ж.б. реваншисттер «кылдан кыйкым издешип», ыңгайы келсе бийликти кулатууга даярданып жүрүшкөнүжалган беле? Акыры саясый күрөштүн ооматы Атамбаевге ооп, оппоненттер чекесинен торго чалынат башташты. Мырзакматов качып кетти, калгандары бир сыйрадан камалып чыгышты, Жапаров экинчи ирет түрмөдө отурат.

Бийликти алууга булардан сырткары да маал-маалы менен ар кандай күчтөр айбаттарын көрсөтүп жатышты. Кубанычбек Ка­дыров, Бектур Асанов баштаган топ, андан кийин Бекболот Талгарбеков ээликтирген «Элдик парламент» да азуусун кайрап барып, акыры алар дагы түрмөгө камалышты. Бул көрүнүш андан кийинки «ээнбаш» саясатчыларга кыйла эле сабак болгонсуган…

Ошентип, Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн акыркы жылдарында Өмүрбек Текебаев каршы чыкты. Жарым жылдай саясый кармаштын соңунда «1 миллион долларлык доо» менен Текебаев да абакка киргизилди. Дал ушундан кийин саясый элита биротоло сынып, баш көтөргүс болуп калган. Би­рок, былтыркы күздөгү президенттик шайлоонун кумары Өмүрбек Бабановдун канын катуу кызытып, тымызын пландарды түзүп, аныгында, көздөгөн максаты орундалбай, эки ортодо Канатбек Исаевдин убалына калып, каматып салды да, өзү болсо качкан бойдон чет өлкөгө кетип калды.

Мындан сырткары «тили узун» саясатчы, журналисттерге миллиондогон сомдор айып пул ка­тары салынып, дагы башка айбат кылчуларга соттор аркылуу зекимейге өтүү ыкмасы көрүлгөндөй. Кайсы бир деңгээлде сөз эркиндигине коркунуч жаралды, ошол эле маалда ээн ооздукту чектөө, «сүйлөсөң, жазсаң жоопкерчилиги менен болсун» дегендей шартка кептелдик. Албетте, бул көрүнүшкө убакыт бара-бара өз баасын адилеттүү түрдө берсе керек.

Негизинен коомчулуктун айрым бөлүгү Атамбаевдин авантюристтик айрым ыкмаларын айыпташса, ал эми көпчүлүгү анын каардуулугун колдоп келишти. Өзгөчө коррупция менен күрөшүү карапайым калкка жагып, Акаев, Бакиев режиминен берки тайраңдап жүргөн чиновниктерге кылмыш иштери козголуп, жазалана баштаганда Атамбаевдин саясый рейтинги өстү. Албетте, бул күрөш аягына чыкпай калды. Коррупцияга шектүү мансаптуу «киттердин» жазасын албай келгенин кантебиз? «Тандалма күрөш» де­ген кеп ошондон чыкты го? Эми көчтү Соке досу улантышы шарт. Жакында президент күч органдарынын жетекчилерин бирден чакырып алып, «35 коррупционерди табасыңар» деп тапшырма бериптир. Азырынча бир да кор­рупционер кармала элек. Бирок, үмүт бар.

Ток этери, Атамбаев бүгүнкү бийликтин артындагы калдайган караан болуп турганда, пре­зидент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Сапар Исаковдун иштешине кыйла эле жеңилдиктер болууда. Жума сайын көчөгө чыгып, митинг, пикет, ар кандай акцияларды өткөргөндөр жок. Бажы биримдигиндеги өлкөлөр менен алака жөнгө салынган, элибиз болсо барган сайын эмгекчил болуп, өз ара жан багууга аракет кылышууда. Мындай шартта жазга чейин Исаков ишмердигинин үзүрүн көрсөтө албаса, абал кыйындайт, өкмөттүн алмашары ажеп эмес. Ал эми Жээнбековду элибиз күзгө дейре сынайт…

Акын Бекчороев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: