Коронавирусту жуктуруп алган “РСК Банктын” кызматкерлери башка кызматкерлер жана кардарлар менен байланышта болгон эмес. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтында айтылат.
Маалыматтар боюнча, банктын Бишкектеги кеңсесиндеги кызматкери өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режими жарыяланган күндөн тартып аралыктан иштеп келет. Ошондой элеал кардарлар же команда менен байланышта болгон эмес. Ал буга чейин дарыланып чыккае, учурунда үй карантининде.
Ал эми банктын Чаткал районундагы филиалынын кызматкери учурда Каныш-Кыя шаарындагы ооруканада дарыланып жатат. Бүгүнкү күндө, банк кызматкерлеринин арасында башка илдетке чалдыккан учурлар жок.
“РСК банкы” штаттык режимде иштеп жатат жана калкка финансылык кызмат көрсөтүүнү улантууда. Банктын кызматкерлери бардык керектүү коргоо шаймандары (маскалар, костюмдар, дезинфекциялоо каражаттары) менен камсыздалган. Банктын кеңселери күн сайын дезинфекциялоо иштери жүрүп турат” – деп айтылат маалыматта.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ