Menu

Депутат Нурланбек Макеев: «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү мыйзамдын өлкө аймактарынын өнүгүшүндөгү ролу зор»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен бизнес менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелерин, тактап айтканда, «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүүдө. Иш-чарага вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Тармактык комитеттин төрагасы Нурланбек Макеев бизнес менен саламаттыкты сактоо тармактарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аракеттери өтө маанилүү маселелердин бири болуп саналарын баса белгиледи. «Өзүӊөр жакшы билесиӊер, Президенттин Жарлыгы менен 2018-жыл өлкө аймактарын өнүктүрүү катары жарыяланды. «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамдын аймактардын өнүгүшүндөгү ролу зор. Муну жергиликтүү бийлик органдары туура түшүнүп, өз аймактарын өнүктүрүү жаатында бир топ алгылыктуу сунуштамаларды алат деген ойдомун», – деп, ал парламенттик угуу катышуучуларын талкууга жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Ал эми вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев алгачкы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзам 2009-жылы кабыл алынып, көп жылдары иштебей келгенин, ошондон улам, 2012-жылы кайра жаӊыртылганын эске салды. «Ошондон бери бул мыйзамдын алдында 8 ченемдик укук актысы иштелип чыгып, анын алкагындагы долбоорлорду каржылоо фонду түзүлүп, атайын программа кабыл алынган. Аны мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мамилелерин жүзөгө ашыруунун «жол картасы» деп койсок да болот», – деп ал, ушу тапта жалпы көлөмү 166 млн долларды түзгөн 17 долбоор ишке ашырылып жатканын, анын ичинде саламаттык сактоо тармагына тийешелүү 4 долбоор бар экенин кошумчалады.

Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөгү» мыйзамдын аткарылышын талкуулоо жол-жоболору улантылууда. Ошондой эле, парламенттик угуу жүрүшүндө экономика министри Артем Новиков менен саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин баяндамалары да угулмакчы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: