Menu

Жанарбек Алымов, Бишкек шаарынын депутаты, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын мүчөсү: «Илмияновдун “Мекеним Кыргызстан” партиясына эч кандай тийешеси жок»

Бөлүшүү:

— Жанарбек мырза, сиз мүчө болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясы элге кеңири белгилүү болбой эле ири шаарлардагы шаардык кеңештерге болгон шайлоолордо ийгилик жаратып, өзүнүн фракциясын түзгөнгө жетишип жатат. Партиянын бул ийгилиги көпчүлүктү таң калтырууда. Партия лидери, чыныгы кожоюну ким экени да белгисиз.  Икрам Илмияновдун партиясы экени чынбы? Табышмактуу лидердин аты-жөнүн коомчулукка жарыя кылбайсызбы?

— 2016-жылдан бери жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо “Мекеним Кыргызстан” партиясы өз алдынча катышып, катышкан баардык жерлерде өз фракциясына ээ болуп, депутаттык мандаттарды жеңип алууда. Мунун башаты Ош шаарынан башталган. Ош шаардык кеңешинде биздин партия 6 мандатка ээ болгон. Ошол учурда “Аты-жыты жок партия жеңишке жетишти” деп биздин партияга көпчүлүк таңгалган. Бул партияга идеяга бай, заманбап ой жүгүрткөн жаштар чогулган. Башында эле партияга бир адамды лидер кылбайбыз, саясий кеңеш түзүп алып, команда менен иштейли деп сүйлөшүлгөн. Чоң шайлоого катышканда лидерди шайлайбыз да, партия боюнча элге кеңири маалымат беребиз деп пландалган. Биздин партиянын Кыргызстандын экономикалык, социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн жаш мыкты жигиттердин идеялары менен иштелип чыккан оргиналдуу программасы бар. Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо 7 мандатка ээ болдук. Ошондон кийин партияга кызыгуу күчөп, ар кандай сөздөр башталды. “Мунун артында Икрам Илмиянов турат экен” деген сөздөрдү жармаштырышты. Чындыгы андай эмес. Икрам Илмияновдун “Мекеним Кыргызстан” партиясына эч кандай тийешеси жок. “Ихлас” компаниясынын жетекчисиники деп да айтышты. “Ихлас” компаниясына байланыштырганы, бул компаниянын жетекчиси менен партияны негиздөөчүлөрүнүн бири бир тууган болушат. Туура, “Ихластын” жетекчиси да башында партияны уюштурууда өз көмөгүн кошкон. Бирок, түздөн-түз партияга тийешеси жок. Кээ бирлер болсо түштүкчүл партия деп атап жиберишти. Биз кайсыл жерде шайлоого катышпайлы ийгилик жаратып келатабыз. Кара-Балта шаарында, Таласта өткөн шайлоолордо жеңишке жетиштик. Бул биз үчүн парламентке боло турган кийинки шайлоого чоң кадам.

— Жакында эле Таш-Көмүр шаардык кеңешине болгон шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясы азыр айтканы эки болбой аткарылып жаткан КСДПны утуп алды. Саясий аренада таасири чоң адам тирөөч болбосо КСДПны утуп коюу ишке ашпаса керек?

— Азыр атагы чыккан аттуу-баштуу партиялардан эл тажады. Буга Таш-Көмүр шаарында болгон шайлоодо “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан” сыяктуу партиялар өтпөй калганы далил. Эл жаңы көз карашка, жаңы программага, жаңы партияга суусап турат. “Мекеним Кыргызстан” жаңы партия болгондуктан буга үмүт арта башташты. Шайлоо учурунда ар ким ар кандай саясий технологияны колдонот экен да. Биздин партия жергиликтүү мыкты, кадыр-баркы бар, эл көптү үмүт эткен улан-кыздар менен бирге тизме түзө алганы менен чоң ийгилик жарата алды.

— Парламентке болгон эки шайлоодо бийлик башында тургандарга жакпаган партиялар жеңишке жетишсе дагы парламент босогосун аттай албай, түртүлүп калып жатпайбы. Силерди бийлик сүрөөнгө албаса, бутка чаап коймок да?

— Тескерисинче, анча-мынча бут тосуулар деле болуп жатат. Партия таза адамдардан куралып, өз ишин так аткарып жаткандыктан илинчек таба албай жатышат. Эгер бийлик тараптан колдоо болгон болсо, таптакыр башка көрсөткүч болмок. Биздин партия ага муктаж эмес. Биз бийликчил же бир топко кызмат кылган партия эмес, чыныгы элдик партия болгубуз келет.   Жергиликтүү шайлоолордо жергиликтүү бийлик тараптан башка партияларга кандай бут тосуулар болуп жатса, биз деле андан куру эмеспиз.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: Жаңы Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: