Menu

Жанар Акаев, ЖК депутаты: «Өмүрбек Текебаевдин дагы, ачкачылык кармаган үч саясатчынын дагы духтары бекем экен»

Бөлүшүү:

— Жанар, абакта ачкачылык жарыялаган Б. Асанов, К. Кадыров, Эрнест Карыбековго жолугуп чыктыңар. Абалы кандай экен? Ачкачылыкты качан токтоторун айттыбы?

— Биз беш депутат кирдик. Абалдары жакшы эмес. Өзгөчө Бектур Асановдун өңү купкуу. Абдан арыктаган. Анын башка дагы бир канча оорулары бар экен. Анын үстүнө бийликтин жалданма интернет сайттары “Тамак ичип алып эле ушинтип жатышат экен” деп жазып жатышпайбы. Ал таптакыр туура эмес. Биз врачтар менен дагы сүйлөштүк. Врачтар ”Чынында эле алардын абалы оор” деди. Бектур Асановдуку өзгөчө. Анткени анын кургак ачкачылык жарыялаганына эки жумадан ашып баратат. Врачтар УЗИге тартканда ашказанында эч нерсе жок экенин, глюкоза берип укол менен кармап жатышканын айтышты. Биз дагы депутаттар аябай сурандык, эми ачкачылыгыңызды токтотуңуз, сиздин талаптарыңызды жогорку бийлик органдарына жеткиребиз деп айттык. Бирок ал беттегенин бербеген көкбет саясатчы да. Ал дагы айтканыбызга таптакыр көнбөдү. Ошондой болсо да биз өзүбүздүн милдетибизди аткарып парламентте өкмөттүн, президенттин өкүлдөрүнө алардын абалдары жөнүндө айттык. Мен муну айтып коюшум керек. Алар өзүлөрүнөн тышкары жалпы абактагылардын абалы жакшы эмес экенин, кыйноолор абдан көп экендигин айтышты. Алардын айтуусуна караганда УКМКнын абактагы жаш балдарды тырмагына ийне сайышкандан тышкары электрошокту колдонуп кыйнашып адамгерчиликке жатпаган кыйноолорго барышат экен. “Ошолордун баары биз аркылуу коомчулукка талкуу жаратып, коомчулукка кагылган коңгуроо болсо экен деп ачкачылык кармадык” деп айтышты. Андан кийин биз Өмүрбек Текебаев менен жолуктук. Ал киши дагы Бектур Асановдорго кабатыр болуп жатканын билдирди. Бирок анын дагы камерасына онлайн режиминде күнү-түнү иштеген камера коюп салышкан. Бул эми психологиялык басым да. Жанында терроризм менен соттолгондордун камерасына видео камера коюлганда, анын камерасына да коюлганына токтолуп, буга каршы болгонун, видео камераны алдыртыш үчүн парламенттен колдоо издеп жаткан өтүнүчүн айтты. Ал кишинин буту ооруп жатыптыр. Биз көрдүк. Бутуна врачтар керектүү дарыларды сүйкөп жатыптыр. Мындан тышкары жүрөгү ооруй турганы ошол жердеги врачтар тарабынан аныкталган. Андыктан бир жума көзөмөлдө мамлекеттик ооруканага жатып дарыланып алганга тиешелүү органдар уруксат бербей жатат. Бирок мен бир нерсени байкадым. Өмүрбек Текебаевдин дагы, берки үч саясатчынын дагы духтары бекем экен. Баардыгы ак жеринен камалышкандыгын, абактан акыры акталып чыгышарын айтышты.

— Жакында президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлөрү тууралуу, соттор мыйзамсыз иштерди аткарып, бүтүндөй үй-бүлөнүн тагдырын талкалап жатканын айтпадыбы. Сенин буга пикириң кандай?

— Президент абдан туура айтты. Бул кишинин бийликке келгенине үч айдан ашып калды. Ал киши кайсы тармактарда коррупциянын гүлдөп жатканын жакшы билет экен. Бирок аны иш жүзүндө көрсөтүшү калды. Президенттин сөзүн элдин баары эле колдоп жатат. Эгерде президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан сөздөрүн иш жүзүнө ашыра алса, анда элден колдоо таап, кадыр-баркы көтөрүлөт. Ал эми сөзү айтылган боюнча эле калып, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлбөсө элдин үмүтү үзүлө баштайт. Бул жыйындагы айткан сөздөрү анын аброюн көтөрө турган, же түшүрө тургандай таасир калтырды. Мына Өзбекстандын президентин карагыла. Ал киши айткан сөздөрүн аткарып жатат. Биздин президент да айткандарын аткарат деген азырынча ишеним бар. Президент айтканын аткарып күч органдарындагы коррупция менен катуу күрөшсө, биз дагы парламенттен оппозиция, позиция дебей аны колдомокпуз. Учурда биз президенттен ошондой чечкиндүү кадамды күтүп жатабыз.

— Дастан Далабаевичтин интернет баракчаларда сын айткандарга айып пул салууну көтөргөн маселе боюнча эмне демекчисиң?

— Дастан Бекешовичтин өзүнө да айттым. Мен анын мыйзамына караманча каршымын. Азыркы кезде интернетте, гезиттерде кимдир бирөөнү мазактаган маалыматтар болсо бизде мыйзамдар жетиштүү.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: