Талас облусунун Кара-Буура районунда КР ӨКМнин Гидрометеорология агенттигинин берген маалыматына ылайык, Кызыл-Адыр айылында 18-октябрда саат 02:40тан саат 03:20га чейин ылдамдыгы секундасына 25 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Мындан сырткары Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен шамал катталган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ