Menu

Депутат Бакыт Төрөбаев: “Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жыл да эрте”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында Бакыт Төрөбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жыл да эрте болорун билдирди.

«Биз Конституцияны өзгөртүүдөн мурда «жөлөк пул, пенсия алуучулар жашоого жетиштүү жардам алып жатабы?» деген суроолорго кайрылышыбыз керек. Бүгүнкү күндө балдардын 600 миңи бала бакчаларга бара алышпай жатат. Баш мыйзамды өзгөртүүнүн ордуна экономиканы көтөрүп, саясий маданиятуулукту өзгөртпөйлүбү? 2020-жылы деле Баш мыйзамды өзгөртүүгө убакыт эрте, ага 2025-жылы деле кайрылсак болот. Аны эл колдогондон кийин гана кабыл алыш керек. 2025-жылга чейин толук түрдө парламенттик өлкөгө айланабыз. Ал үчүн элдин үнү да маанилүү. Өлкөнүн келечегин терең ойлонуп, кадамдарга барышыбыз керек», — деди депутат Б. Төрөбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин 80 жылдыгына арналган жыйында Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жылы кайрылуу болорун айткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: