Ташкентте Тажикстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имаратынын курулушу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилет. Бул үчүн каражат тажик бюджетинен бөлүнөт.
Тажик ММКларынын маалыматына караганда, негизги дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратынан тышкары тажик дипломаттары үчүн турак-жай жана башка керектүү инфраструктуралар курулат.
Тажикстан өкмөтү бул максатта канча каражат бөлөрүн кабарлай элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ