Каракол шаардык прокуратурасы мамлекеттик “Ишкер” микрокредиттик агенттигинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Ысык-Көлдөгү “Ишкер” микрокредиттик агенттигине мамлекеттен жарандарга насыя берүү үчүн которулган 1 млн. 545 миң 620 сомду мекеменин кызматкерлери өздөрүнө маяна катары жаздырып алышкан. Жобо боюнча, агенттиктин кызматкерлери насыяга берилген акчанын туумун гана алышы керек болчу. Кызматкерлер мындай көлөмдөгү акчаны 2008-2016-жылдар аралыгында колдонушкан. Ишти Ысык-Көл облусттук прокуратурасы тергеп жатат.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ