Menu

“Билим берүү жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Билим берүү жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 10-январында кабыл алынган.

Мыйзам мектептерди алты күндүк окуу жумалыгынан беш күндүк окуу жумалыгына которуу максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Билим берүү жɵнүндɵ» Мыйзамынын 16-беренеси тɵмɵнкүдɵй мазмундагы 10-бɵлүк менен толукталган: “Менчигинин формасына карабастан, жалпы билим берүү уюмдарында жетимдүү окуу жүктɵмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумалыгы белгиленет”.

Мыйзам расмий жарыяланган күндɵн тартып он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнɵ кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: