Кечээ күнү Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жолдошбек Жунушев өкмөткө караштуу мамлекеттик “Кыргыз көмүр” ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул адам дагы алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун жакын адамдарынын бири. Себеби, Абдыкеримов түзүп чыккан “Кыргызстан” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. 1997-2003-жылдары Бишкектин Биринчи Май, Ленин жана Чүй облусунун Аламүдүн райондорунун Салык башкармалыктарында иштеген. 2013-жылы Шакинин “Аю курулуш” компаниясынын аткаруучу директору болгон. Кыскасы, Жунушевдин кен тармагына эч кандай тиешеси жок. Кара-Кече, көмүр маселесинен түшүнүгү жок. Ушундан улам Кара-Кечени коргоо комитетинин мүчөлөрү жана башка адамдар Жунушевдин бул кызматка дайындалышына каршы болуп, тиешелүү жерге кайрылышкан. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Кыскасы, алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримовдун өз адамдарын кызматка дайындоосу, кызматтагы иштей албагандарын кетирбей сактап калуусу ушу тапта укмуштай ийгилик жаратып жатканын байкоого болот.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ