Menu

Марат Кайыпов, экс-министр: “Бакиевдин тушунда кимдер камалганын эстей албайм”

Бөлүшүү:

Марат Кайыпов 2005-2008-жылдар аралыгында өлкөнүн юстиция министри болуп иштеген. Учурда бош. Саясаттан оолактай түшкөн экс-министр учурда эмне иштер менен алек жана Кыргызстандагы саясый абал тууралуу ой-пикирлерин билүү максатында маек курдук.

 — Марат мырза, саясый чөйрөдө такыр эле көрүнбөй калдыңыз, эмне иш кылып жатасыз?

— … Мени “мамлекетке машина алды” деген шылтоо менен министрлик кызматтан алышкандан кийин үй-бүлөм менен АКШга кеткем. Жубайым да, өзүм да окудук. 2010-жылдын май айында Кыргызстанга кайтып келдим. Июнда Ошто коогалаң башталып кетти. Ошондо мен саясый маселелерди чечкенге мамлекетке жакшы жардам бердим. Өзбек сепаратисттери кыргыз бийлигине оор күнөө коюшту, “өзбектерге геноцид жарыялады” деп. ОБСЕ полициясын киргизгени жатканда, мен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, сүйлөшүү аркылуу токтотком. Мен аларга Ош коогалаңын биринчилерден болуп өзбек сепаратисттери баштагандыгын, анткени, алар түштүктө жайгашкан мамлекеттик тартип коргоо органдарын өрттөп, бийлик өкүлдөрүн өлтүрүп киришкендигин (Базар-Коргондо, Кара-Сууда милиция кызматкерлерин өлтүрүштү) айттым. Экинчиден, геноцид учурунда мамлекеттик бийлик баш болуп, аз улутту талкалап, кыруу аракети болот. А бизде андай болгон жок. Ошол учурда бийлик кыргыз менен өзбек элинин ортосунда арача болуп тура албай калган. Эл сепаратисттерди токтотуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калган, кийин гана бийлик кийлигишти. Ошонун баарын эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө айтып берип, “полиция киргизүүгө кажети жок” дедим.

Бул саясый иш деп ойлойм. Андан бери деле шайлоолорго катышып, саясатка аралашып эле келе жатам.

— Сиз жаза аткаруу тутумунун эки кызматкеринин өлүмү боюнча өз ыктыярыңыз менен кызматтан кеттиңиз эле…

— Алгач ошондой шылотоо менен мени “кызматтан алабыз” деп аракет кылышкан. Бирок, ал маселе боюнча менин күнөөм жок болгондуктан, өкмөттүк комиссия бул каргашалуу окуя боюнча мага күнөө коё алган эмес. Анткени, мен ал каргашалуу окуя болгондо бир жылда бир жолу алчу мыйзамдуу өргүүдө элем. Анүстүнө бул тармакка менин орун басарым жооп берчү. Ошондуктан, жаза аткаруу тутумунун начальниги жана менин орун басарым кызматтан алынышкан. Дегеле, өкмөттүк комиссия мени кызматтан алаарда 10дон ашык чындыкка дал келбеген күнөөлөрдү коюшкан болчу. Президент Бакиевдин катышуусу менен өткөн ошол өкмөттүк жыйында мен ар бир койгон күнөө боюнча өзүмдүн далилдүү жоопторумду айтып, баарын четке какканымда, алардын айласы кетип, Бакиевдин мындай аткан сөзү бар: “Марат, сен күчтүү юристсиң, кандай күнөө койсо да далилдеп, өзүңдү актап кетесиң, андан көрө “кетем” деп атпадың беле, арызыңды жазып бер” деди. Мен ошондо “менин ордум бирөөгө керек болсо, арызымды жазып берем” дедим. Чынында эле менин ордум бирөөгө керек экен, андай шоу уюштуруунун кажети эмне эле?!

Негизги менин кызматтан кетүүмдүн себеби 2008-жылдын жайында эле белгилүү болуп калган. Анда биз өкмөттүк жыйында электр кубаты боюнча проблемалдарды караганбыз. Мен ошондо премьер-министр И.Чудиновго “эмне себептен биз үч фазаларды элден сурабай туруп кыркып жатабыз?” экинчиси, “калк айтса калп айтпайт, Токтогул ГЭСиндеги суу сатылышы боюнча күнөө коюлуп жатат бизге, туурабы?” деп суроо бергем. Ошол эле жыйында өкмөткө сунуштарды бердим. Кызматтан кетээр тагдырым ошол күнү кечинде чечилген.

— Парламенттик шайлоолорго катышкан жоксузбу?

— 2011-жылкы шайлоодо “Жаңы Кыргызстан” саясый партиясы менен бардым. Партиянын саясый кеңешинин мүчөсү болчумун. Партия лидери Үсөн Сыдыков камакта эле. Камактан чыккандан кийин “партияны жетектеп, шайлоого катыш” деп менден суранды. Көп партиялар менен сүйлөшүү жүргүзүп, акыры “Бүтүн Кыргызстанга” 5 партия бириктик. Жыйынтыгында, шайлоодон өттүк, бирок “Бүтүн Кыргызстан” бизди өткөрбөй койду.

2015-жылкы шайлоодо “Республика – Ата Журт” партиялары бирикти. “Электораттарыңыз бар, жардам бериңиз” деп мени чакырышты. Тизмеге келгенде кетенчиктеп, Ташиев да, Бабанов да мени “тизмеге кирбей эле коюңуз” дешти. Талашкан жокмун, “макул” деп иштештим. Анткени, менин депутат болушума каршы болгон адамдар бар эле. “Бийликке келсек, кызмат беребиз” деп убада кылышкан. Анан шайлоодо утушту, мандат алышты, бирок оппозицияда калышты, азыркыга чейин оппозицияда келатышат.

— Атамбаевдин бийлигине оппозиция болуп, кээде сындап да калчусуз. Бийлик кызмат сунуштаган жокпу?

— Атамбаевдин барагы жабылды. Тынчтык жол менен бийлик алмашты. Эгерде ал саясатка аралашпаса, аны жамандап, сындай бергенди коёлу. Жакшы салтты орнотолу. Ал эми анын бийлигине оппозиция болуп келген себебим, биринчиден, мен колдогон партия оппозицияда болуп турат, экинчиси, Атамбаев президет болордо көп саясый убадаларды берип, бирок аларды аткарган жок. Мисалы, мамлекеттик тышкы карызыбыз аябай өсүп кетти. Карызыбыз 5 млрд. долларды чапчып турат. Бул сумма биздин өлкө үчүн өтө чоң сумма, арылышыбыз керек. Мен юстиция министрлигинде отурганда, 2008-жылдын башында каржы министринен отчет алганбыз. Андагы отчетте 2005-жылы Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиарддан ашыгыраак болчу. Кийин ал сумма 1 миллиардга чейин төлөнүп кыскарды. А мурдагы бийлик алты жылдык президенттигинин учурунда карыз дагы көбөйүп, 5 миллиардга жетти.

— Атамбаев кантип карызды көбөйтүп салды?

— Эл аралык каржы уюмдары бар, биз аларга мүчөбүз. Дүйнөлүк банк, Европалык өнүгүү банкы, Азия өнүгүү банкы. Ушул банктар аркылуу өнүгүү жагына акча алып, Кыргызстанды өнүктүрүүчү долбоорлорду ишке ашырсак, анда коркунуч жок. Себеби, булардын пайыздык үстөгү аз. Бул банктардан пайызга акча алуу бизге ыңгайлуу дагы, пайдалуу дагы болмок. Ал эми мурдагы бийлик бир эле ошол эл аралык уюмдардан карыз албай, көбүнесе Кытайдан карыз алып салды. Дүйнө жүзү Кытайга өзгөчө саясый мамиле кылат. Биз кошуна мамлекетпиз, ушу күнгө чейин талаш маселелерибиз жок эмес. Кошуна болгондон кийин убагында төлөй албаган карызыбызды активдер менен төлөшүбүз керек болот. Ал кайсы активдер болушу мүмкүн? Ал Кыргызстандын кен байлыктары, жери болушу мүмкүн. Өкүнүчтүүсү, Атамбев Кытайдан алган карыз акчаларды өнбөй турган жактарга салып салды.

— Өкмөт башчы Сапар Исаков өткөндө “Кыргызстан өнүгүп жатат” деди го, кошулбайсызбы?

— Расмий маалымат боюнча, 700 миңден ашык кыргыздар Россиянын жарандыгын алып кетишкен. Жалпысынан 1,5 миллиондой өлкөгө салык төлөй турган, күч бере турган, экономикабызды өнүктүрө турган кыргыз чет жакта талаалап жүрүшөт. Эң эле парадокстук жагы – кудум ушу тентип жүргөн кыргыз жаштары Кыргызстанды багып, экономикабызды өстүрүп жатышат. Алардын жылдык жөнөткөн акчасы Кыргызстандын бюджетинен ашат. Ошол жаштарыбыз качан гана Кыргызстанга келип, өз эл-жеринде жумуш менен камсыз болуп, иштеп, салык төлөп, экономиканы көтөрсө, ошондо мен “Кыргызстаныбыз өнүгүп жатат” деп айтаар элем. Азыр антип айтканга тил барбайт, уят болот антсек.

— Марат мырза, Бектур Асанов баш болгон камактагы саясатчылар бийликке талаптарды коюп, жарым айдан бери ачкачылык кармап жатышат. Алар тууралуу эмне айта аласыз?

— Бектур Асановду мен жакшы тааныйм. Ал да Сузактан болот. Биз бир убакта бир мандатка ат салышып, бири-бирибизге атаандаш болгонбуз. Бул жигит саясатта такшалып калган, айтканынан кайтпаган өжөрлүк жагы бар. Мен алардын ачкачылык кармап жатышкандарын маалымат каражаттары аркылуу гана билип жатам. Бирок, бир убакта “Үзөңгү-Куушту берип ийди” деп ачкачылык кармап, өмүрүнөн айрылган азаматыбыз эске түшөт. Бектур Асановдун азыркы абалы кудум ошол окуядай болуп калышы мүмкүн. Анткени “абалы оор” деп жатышат. Бийлик көңүл бурушу керек да. Жок дегенде абройлуу, адилет сүйлөгөн, сот иштерин билген, укуктук билими бар кишилерден, депутаттардан чакан комиссия түзүп, саясый кылмыш иштердин баарын объективдүү иликтеп, териштирип койсо жакшы болот эле. Бул жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун жаңыча иш алып баруусуна өбөлгө түзөт эле. Себеби, непедам ачкачылык жарыялагандардын бирөө каза болсо, бул “Жээнбековдун президенттигинин тушунда болду” деген сөзгө калат.

— Көп жылдар бою сот тармагында иштеген киши катары айтсаңыз, 30дан ашык саясатчыларга кылмыш иштери козголуп, камакка алынган учурлар мурда-кийин болду беле?

— Мынчалык көп саясатчы камалган учур болгон эмес, аны моюнга алуу керек. Акаевдин тушунда Кулов камалып, абдан чуу болгон. Топчубек Тургуналиев камалып, кийин акталды. Кулов да акталды. Бакиевдин тушунда кимдер камалганын эстей албайм. 2010-жылы бийлик кууларда айрым саясатчылар камалып, бир күн отуруп, кайра эртеси чыгышкан. Сот аркылуу өкүм чыгып, камалган бир да саясатчы болгон эмес, менимче. Ал эми Атамбаевдин тушунда саясый куугунтукка алынгандардын саны 30дан ашып кетти.

— Бул эмнени түшүндүрөт?

— Мисалы, Текебаев менен Атамбаевди алалы. Алар 2010-жылы бийликке келгенде ажырашпас саясатчылар катары таасир калтырышкан. Алар Акаевдин тушунда эле чогуу оппозицияда болуп, бийликке каршы иштешкен. Кыскасы, эски саясый  достор эле. Франция революциясы бүткөндөн кийин, аны жасагандардын дээрлик бардыгынын башы кесилген. Бийликке келгендер өзүнүн соратниктерин тазалаган. Анткени, революция деген бул абдан коркунучтуу нерсе. Кайсы революция болбосун, начар кесепеттерин алып келет. Улуу Октябрь революциясынын жасаган Троцкийдин акыбалын карап көргүлө. Революцияны Троцкий жасап, бийликке башкалар келишен. Ошондой эле саясат 2010-жылы бийликти алган саясый достордун ичинде болду. Саясатта дагы бир мыйзамченемдүү көрүнүш бар. Саясатта эч качан достук болбойт, касташкан душман да болбойт. Саясатта чогуу жүргөн досуң менен бир күнү душман болуп калышың, каршылашып жүргөн саясатчылар менен достошуп калышың мүмкүн. Саясат ошондой балит нерсе.

— “Сот бийлиги бир кишинин жетегинде болуп калды, тармактагы реформа ишке ашкан жок” деген ойлорго кандай карайсыз?

— Атамбаев кетеринин алдында “сотторду реформалап бүттүк, эң адилеттүү, таза сотторубуз бар эми” деп жар салган. Тилекке каршы, тармакта реформа таптакыр жасалган да жок. Реформа комплекстүү каралышы керек. Бизде тергөө органдары чачыранды, чаржайыт. Бул жагынан Советтер Союзунун учурундагы система менен дагы деле келатабыз. ИИМде, прокуратурада, финполицияда (азыр экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы), УКМКда тергөө бар. Кошуна Казакстан биринчи болуп тергөө комитетин түздү. Тергөөнүн баарын ошол комитетке өткөрүп берди. Россия дагы эки жыл мурда ушул багытка өттү. Эмнеге бул жолго өтүп жатышат? Себеби, чаржайыт, башка-башка органдарга тергөө органдарын түзүп койгондо талаш-тартыш болот, бири-бирине түртмөй болот. Анан иштин жыйынтыгы жок. Сот реформасында мунун баарын чогуу карап, чогуу реформалаш керек.

Прокуратурага токтолсок, башка мамлекеттерде башкы прокурор менен юстиция министри бир киши, бир кызмат. Бизде да бул эки мекемени бириктириш керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков “коррупция менен аёосуз күрөшөм, соттор мыйзымсыз чечим чыгарса кийлигишем” деди. Буга көптөр туура эмес түшүнүп калышты. “Кээ бир соттор 6-7 жылдап бир ишти карап бүтпөйт экен, кээ бирөө оор кылмыш иш жасагандарды коё берип жиберет экен, ушул ишинин жыйынтыгына карата кийлигишем” деди ал. Бул сот ишине кийлигишкенге жатпайт. Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия бар, ошонун сунушу менен президент жергиликтүү сотторду мөөнөтүнөн мурда бошото алат. Демек, сотторду тазалоо, кесипкөй, таза сотторду алып келүү түздөн-түз президенттин милдети болуп саналат. Буюрса, Жээнбековдун сынынан жыйынтык чыгат деп ойлойм. Мен ага ишенем, таза киши, ишти алып кетет.

— Жазга маал парламент тарайт деген сөз болуп жатат? Ага негиз барбы?

— Азыркы бийликке парламентти таркатуунун кереги жок. Таратып, жаңы шайлоо кылуунун саясый максатын көрбөй турам. Ар бир шайлоо өзүнчө саясый  стресс, саясый риск. Экинчиден, ар бир шайлоонун жыйынтыгы менен ошол шайлоо болгон өлкөдө саясый опурталдуулук пайда болушу мүмкүн. Мен “жазында парламент тарап, күзүндө шайлоо болот” дегенге ишене бербейм.

Динар ТУРДУГУЛОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: