Menu

“Индира Жолдубаева саясый куугунтуктоого алуунун чебери болду”

Бөлүшүү:

Коопсуздук кеңешинин соңку ирет өткөрүлгөн жыйынында өлкө башчысы укук коргоо органдарындагы тамырлашып, жайылып бара жаткан коррупциянын гүлдөшүнө дал ушул тармактын өкүлдөрү өздөрү күнөөлүү экенин кыйытты. Өзгөчө бул жаатта өлкөбүздүн мыйзамдуулукту коргоо органы болгон прокуратура тармагына муш кезегендей кадамы баш прокурор Индира Жолдубаеваны бир силкинтип алды окшойт. Биз бул сапар тармак башчысы Индира айымдын ишине карата коомчулук өкүлдөрүнүн пикирине ортоктош болдук.

 Абдрахман МАМАТАЛИЕВ, экс-вице-премьер-министр:

— Аракет кылып эле жаткандай көрүнөт. Конституциянын азыркы редакциясына ылайык, булардан тергөө функциясын алып коюшпадыбы. Ошондуктан, жанагы козголуп, анан кайра кыскарып, сотко жетпей жабылып калган иштер негизинен башка күч органдарынын ишмердиги болуп жатпайбы. Албетте, башка күч органдарындагы, сот системасындагы белгилүү коррупциялык механизмдерди түп тамыры менен жок кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү боюнча укук коргоо, күч органдарын тазалоо боюнча аракеттер толук кандуу ишке ашырылып бүтө элек. Ошондуктан, жаңы президенттин сын пикирин эске алып, бул багытта жаңыча иштөөсү зарыл. Анан президент тарабынан айтылган баардык цифралар, фактылар боюнча териштирүү иштерин өз мойнуна алып, тез арада жыйынтыгын элге жарыялашы керек. Ошондо коомчулук тарабынан ишеним жогорулай баштайт. Бир жактуу баа берүү кыйын го? Баарыбызга эле белгилүү да, баш прокурор бүгүнкү күндө да өз алдынча көз карандысыз фигура эмес, “үстүнөн көзөмөлдөйм” дегендер көп. Ошондуктан, анын ишмердиги көп факторлорго байланыштуу өзүнүн инсандык, жетекчилик сапаттарына берилген баа менен прокуратуранын ишмердигине берилген баа дал келбей калышы мүмкүн.

 Камила ТАЛИЕВА, экс-вице-премьер-министр:

— Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент өзү элдин жүрөгүндөгү жүйөлүү көйгөйлөрдү козгогондугу колдоого аларлык көрүнүш. “Айтылган сөз – атылган ок”. Анын укук коргоо органдары боюнча айткан сөзүндө калет жок. Колундагы фактылар менен статистиканы айтты. Туура, президент Жээнбеков “а” деди, эми “б” деп чара көрүү, айтылган кебин иш жүзүнө ашыруу жагын карашы керек. Башкасын айтпасак да, саясатчылардын соттук иштеринен соң аларга карата “буюртма иштер” дал ушул укук коргоо органдары тарабынан “токулганын” байкадым. Бул эми коомчулукка деле жашыруун эмес. Коррупция менен күрөшөм деп эле айтып калбай, бүтүндөй укук коргоо системасы өзгөрүлмөйүн бул балакет менен күрөшүү мүмкүн эмес. Коопсуздук кеңешинин жыйынында байкаган кишиге прокуратура системасына абдан көп сын айтылып өттү. Башкы прокурор Индира Жолдубаева системанын башында буюртма аткаруучудай гана отурганы көрүнүүдө. Экс-башкы прокурор Аида Салянова деле ушул системада иштеп, акырында анын абалы кандай болуп жатканы баарыбызга түшүнүктүү. Аялзаты үчүн бул өтө чоң кордук. Индира Жолдубаеваны деле ошол азыркы Аида Салянованын абалындай, керек болсо аныкынан да татаал тагдыр күтүп турат. Прокуратура системасы өзү чирип бүткөн. Эл ичинде “мамлекеттин аты болгону менен заты жоголуп баратат” деп айтылып жатат. Мына ошол мамлекетибиздин затынын жоголушуна дал ушул мыйзам көзөмөлдөөчү орган болгон прокуратура тармагынын салымы, өздөрү мыйзамды каалагандай бурмалап жатканы өтө коркунучтуу жагдай болууда. Сооронбай Шариповичтин прокуратура тармагы боюнча айткан сындарынан кийин тармак башчысы Индира Жолдубаеванын ээлеген кызматында мындан ары отурууга моралдык укугу барбы? Ушундай суроо бүгүн актуалдуу болууда. Жетекчи катары ал өзүнө ушундай суроону бериши керек. Ошол жыйында адилетсиз чечим чыгарган соттордун аты-жөндөрүн ачыкка чыгарганда элдин колдоосуна ээ болот эле. Алардын аттарын ачыкка чыгарышка азыр деле кеч эмес. Андыктан, бул тармак боюнча президент пикирин билдирген соң ачыкка чыгып, тынымсыз күрөштү баштап, акырына чыгарышы керек. Укук коргоо, сот органдары бүгүн башаламан абалга келип, хаоско такалганын президент өзү да айтты. Эми ишке ашырсын! Туура эмес чечим чыгарган 10 сотту каматып койсо, анан элдин колдоосуна ээ болбогонун көрөлү. Болгону саясый эрки керек болууда.

 Рита КАРАСАРТОВА, укук коргоочу:

— Прокуратура Конституция боюнча КР мыйзамдарын туура жана так аткарылганын көзөмөлдөшү керек. Андай көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн ар бир прокуратуранын кызматкери биринчиден, мыйзамды билиши зарыл. Экинчиден, ар бир иште бирдиктүү практика болуп жатабы, ушул жагын карашы керек. Үчүнчүдөн, башкы прокурор соттордун алдын ала мыйзамсыз чечим чыгарганын жоопко тартууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондон улам, прокуратуранын ишинде профессионалдуулук болсо, адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты камсыз кыла турган укук коргоо органдарында коррупция азаймак. Бүгүн прокуратура өз ишин коммерцияга айланткандыгы ачыктан-ачык болуп жатат. Коррупция менен бирге саясый буюртманы дагы көздөгөн орган болуп калды. Мыйзамдуулук четке кагылган. Индира Жолдубаева саясый куугунтуктоого алуунун чебери болду.

 Динара ОШУРАХУНОВА, укук коргоочу:

— Башкы прокуратура коррупция менен күрөшө албайт. Анткени, саясатка аралашып, бийликтин саясый оппоненттерин куугунтукка алып, ММК, журналисттердин, жарандарды куугунтука алганы – коррупция менен күрөшпөй, тескерисинче, коррупцияны көбөйткөнгө жол берип атат. Негизинен башкы прокуратурага жана анын башчысына нааразымын. Анткени, башкы прокурор жалгыз эмес. Бул жерде жалгыз адамды эмес, системаны баалаш керек. Эгерде силер персонаны бааласанар, анда менин жообумду жазбай эле койгула.

Канжар БОРПОШОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: