Menu

Балаң эл керегине жарасын десең, атасын хандай күтө бил?

Бөлүшүү:

Эзелки ата-бабалардын нарк-насилин,улуттук каада-салтты этибарга албай калганыбыз деле калп эмес. Аялзаты  энелик милдетин азыр талапка шайкеш аткара албай калганы даана көрүнүп турат.  Кечке базарда отуруп, нан табуу үчүн отурган аялдын бала тарбиялоого убактысы кайдан болмок эле? Ошондуктан балдарга таалим,тарбия берүүдө кемчилик болуп калып атпайбы?  Керек болсо керелден-кечке үйдө отурган энелер деле таасирдүү  тарбиясын бере албаганы өкүнүчтүү. Так ошондой үй-бүлөөнүн балдары  эрке болуп чоңойгондуктан жаман жолго түшүп кетип, балээге кабылып жатканын күн алыс байкоого болот.

Өтө алпечтеп караган  балдар кыйынчылыкты көрбөгөндүктөн  жеңил баа болуп калары белгилүү. Маселен, биздин кошунанын жалгыз уулу жокчулук дегенди башынан кечирген жок. Каалаганын жеди, жакканын кийинди, дайыма балдардан өзгөчө бапестелип каралды. Бирок, окууга көңүлү чаппай, оң тарапка баспай, ата-энесинин айтканы жакпай өзүмчүл болуп өстү. Тамак-аш кантип келерин, дүнүйө эмненин эсебинен чогуларын билбеген баланын көзүн жаштайынан чел басты. Мактанганды, шаттанганды куп үйрөнүп өмүр бою ушундай май талкандын үстүндө боломун деген ойдун кучагында бейкапар жүрдү. Башкаларга окшоп Армияга барбады, тыйын табышым керек деп  башын оорутпады. Мектепти бүтүргөнүн куттуктап, уулун сүйүнтөлү деген тилек менен темир жорго сатып беришти. Тукумуң өскүр, ошол эле күнү аварияга учурап катуу жабыркады. Эки жылдан бери  майыптардын коляскасында отурат кабагын салып. Тимеле көзүн акшыңдатып дале болсо ата-энесин күнөөлөйт. Мына баланы көптүргөндүн пайдасынын аягы ушинтип кайгылуу бүттү.  Эми жалгыз бала өмүр бою ата-энесинин мойнундагы жүк болот. Абдан таасирдүү окуя.

Эне деген үйдүн асыл кожейкеси. Эстүү, жаш чагынан эненин тарбиясына сугарылган  аялзаттары эч убакта катачылык кетирбөөгө дитин коет. Акырын сүйлөп, эрин колтуктан сүйөп, балдарын жакшы болууга жиреп жашоосун туура нукка салган аялдар буйруса жок эмес, бар.  Эгерде  балдары келечекте элдин керегине жараган болсо анда эле эненин түмөн түйшүгү  акталат. Дагы бир маңыздуу нерсе-  аял эркекти хандай баалап, аяр мамиле жасаса, балдарын ошентип калыптандырса ал үй-бүлөөдө ынтымык, ырыскы орнойт. Чынында эле  суук сөз менен эмес, кылдат мамиле, көз караш менен  тарбияланган балдар  жаман иштерге баруудан алыс болот. Уядан эмнени көрсө ошону турмушка ашырууга далалат жасарын  байкап эле жүрөбүз го?  Баланчанын апасы  аябагандай мээрими төгүлгөн, балдарына боорукер, камкор эне болчу деген кептер айтылбай койбойт. Баарынан да балдардын атасын ошондой сыйлаган аялды  жолуктурган эмесмин деген сөзгө татыктуу болгон энеде  кайдагы арман болмок эле? Баары бир жакшы адамга жылуу гана кептер айтылаары кадиксиз.

Атаганат, бүгүнкү күндө көр турмуштун артынан түшүп алмуздактан бери карай келаткан салттуу дөөлөттөрүбүзгө сергек карабай калдык. Кээ бир ата менен уул, эне менен кыз, бир туугандардын  карөзгөй мамилесине денең чыйрыгат. Ал тургай мыкаачылык аркылуу жасаган кылмыштарына чейин  билип калган жайыбыз бар. Кайдыгерликтин куу чапанын жамынгандардын  көзүнө жалаң акча,байлык, кылмыш жасоо көрүнүп калганы деле ырас. Арийне, ушундай терс көрүнүштөр бар үчүн жаныбыз кашайып кеп кылып жатканыбызды моюнга албасак болбойт. Негедир улуу муундун өкүлдөрүндө  да салттуу карылык күңүрттөнүп бараткандай.  Өз алдынча ойу болбогондорду, жетеленмелерди, үйлөп салган жел өпкөлөрдү, оң ишти тескери тарапка сүйрөгөндөрдү кантап үлгүлүү деп жар салмак элек?

Ошентсе да кан тамырыбызга жакшылык аралаткан өтөлгөлүү  насилдерибизди  калкка  жетимдүү  жайылтуу зарылдыгы тургандай. Элдин келечегине  “тунук суу” жүгүрткөн  идеяларды  кеңири колдоого алып, жаштардын сезимине уялатыш кажет. Үйдөгү тарбиянын башаты болгон энелер болсо өз милдеттерин журт алдында татыктуу аткарууга бүткүл ниетин буруусу тийиш. Анткени кандай болгон күндө да энелердин коом алдындагы  жоопкерчилиги зор.  Оболу үйдөгү атанын аброюнун бийиктешине, баланын мекенчил болуп калыптанышына, өлкөнүн бүтүндүгүнө салымын кошууга ар бир эне  тикесинен тик туруп ак мамиле кылганда гана зоболобуз көтөрүлөт. Бул кызылдай чындык!

Ж.Сулайманов

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: