Menu

Сыдыков: Атамбаевде бирөөнүн үйүн тартып алайын деген ой жок

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков эгер журналист Нарын Айып апасынын жашай турган башка жайы жок экенин далилдеп берсе алардын үйүн сатуу боюнча доону кайра алышы мүмкүндүгүн “Азаттыкка” билдирди.

– Бул мыйзамда каралып калган нерсе. Сот аткаруучулар “Нарын Айып мүлктүн үчтөн бир бөлүгүнө ээлик кылат экен, ошол бөлүк аркылуу дооңуздарды сот аркылуу канааттандырып алыңыздар” деп ишти бизге кайтарып берген. Биз ошонун негизинде сотко кайрылганбыз. Азыркы учурда эгер “бул жалгыз үй, ушундай үй-бүлөсү менен жашайт” деген тийиштүү далилдерди алып келип берсе, сот деле аны карап туура чечим кылат деп ойлойбуз. Буга чейинки соттук процесстерде “ушул эле үйүбүз бар, үй-бүлөбүз менен ушул жерде эле жашайбыз” деген кагаз түрүндөгү далилдерди алып келишкен жок. Эгер ошондой жетиштүү далилдерди алып келип беришсе, үйдү сатып дообузду өндүрүү тууралуу арызыбызды кайра алганга даярбыз. Бизде деле бирөөнүн мүлкүн тартып алалы, басып алалы деген оюбуз жок. Ал кишиде мындай ой жок.

Нурбек Сыдыковдун айтымында, ал буга чейинки соттун чечимдери менен экс-депутат Чолпон Жакупова, журналисттер Нарын Айып жана Дина Масловага коюлган доолорду өндүрүү үчүн гана алардын мүлкүн сатыкка коюу тууралуу сотко арыз жазган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү 14-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылып, Чолпон Жакупова ээлик кылган Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүн жана Нарын Айып жашаган батирди сатыкка коюп, анын эсебинен айыппулду төлөтүүнү сураган. Доого жыгылгандар акчаны бөлүп төлөө тууралуу өтүнүч келтиришкен.

“Азаттыкка” комментарий берген учурда Чолпон Жакупова “Атамбаев Арашандагы үч кабат үйүнө батпай, менин үйүмдү тартып алып жатат” десе, Нарын Айып “өзү жашаган үйдүн үчтөн бирине гана ээ экенин, бир бөлүгү апасына таандык экенин” билдирген. Нарын Айыптын 90 жашка таяп калган апасы Райла Идинова өзү да 20-февралда Govori.tv порталы аркылуу видео кайрылуу таратып, “үйүн тартып алса, көчөдө каларын” айткан.

Былтыр башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык “Zanoza.kg” сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион, Нарын Айып 9 миллион, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен “ Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: