Menu

Артём Баткенге барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков Баткен облусун кыдырып, бир топ ишканаларга баш бакты.

Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Артем Новиков жана Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кызыл-Кыя цемент заводунун ишмердүүлүгүнөн кабар алып, жетекчилиги менен жеринде жолугушту. Кезигүү маалында заводдун өндүргөн продукциясын ички рынокто сатуу жолдорун жана кошуна мамлекеттерге экспортоо менен келечекте заводду кеңейтүү маселелери кең-кесири талкууланды. Министр Артем Новиков продукцияны кошуна Өзбекстан жана Тажикстанга экспорттоого жагынган жакшы мүмкүнүчүлүктөр бар экендигин жашырган жок.

Ошондой эле Өкмөт мүчөсү Артем Новиков Кызыл-Кыя тамеки ферментациялоочу заводуна дагы баш бакты. Ушул тапта завод Литва мамлкетинин Виргис компаниясы менен келишим түзүп, быйылкы жылга 350 тонна тамеки кабыл алды. Ал эми келерки жылга 3000тонна тамеки алуу пландалып жатат дейт завод жетекчилиги.

Иш сапарынын алкагында экономика министри Артем Новиков Кадамжай сурьма комбинатына дагы баш бакты. Кадамжай сурьма комбинатына 2017-жылы эки чет элдин компания инвестиция салып, заводдун буга чейинки чыгарылган калдыктарын кайра иштетүүнү колго алышкан. Үстүбүздөгү жылы завод жыл соңунда гана ишке киргенине байланыштуу 9.6 тонна кара металл алды. Алдыда бул продукция кайра иштетилип, сурьма өндүрүлөт.

Андан соң Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы көчөт өстүрүү жайына барып, кооператив мүчөлөрү менен бетме-бет жолугушту. Бул аймакта жыл сайын 1 миллион 200 миң даанадан ашык көчөт өндүрүлүп, жаз алды менен Баткен облусунен элин тегиз камсыздоо менен, Кыргызстандын башка аймактарына жана жакынкы кошуна мамлекеттерге экспорттоп келишет.

Ошентип, министр Баткен облусунун жетекчилиги жана Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай райондорунун жетекчилери менен жолугушуп, 2018-жыл регионду өнүктүрүү жылынын алкагында, региондордун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кең-кесири талкуулады.

– Ушул тапта аймактардын өнүгүү дараметин кең-кесири талдап жатабыз, аймактарды өнүктүрүүдө биз министрликтер, кандай жардамдарды бере алаарыбызды жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте программаларды иштеп чыгуу боюнча маселелерди талкуулап жатабыз. Жакында эле Кыргызстанда Өзбекстан Республикасынын тышкы соода боюнча министри болду. Биз чек арадагы соода-сатыкты жана соода экономикалык байланыштарды, экспорт, импорт боюнча маселелерди талкууладык. Бүгүн мен Баткен облусунун бир катар өнөр жай обьектилерин кыдыруу менен Баткен облусун өнүктүрүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү көрө алдым. Эми алдыда аймактарды жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча айтылып жаткан сунуштарга ылайык, комплексттүү программа түзүп, туруктуу иш алып барабыз. Баткендеги тамеки заводунун, Кадамжай сурьма комбинатынын, Айдаркен сымап комбинаттарынын ишинин жанданышы жакшы көрүнүш. Анткени, премьер- министрибиз Сапар Исаков аймактарда жаңы ишканаларды ачуу, жумуш орундарын түзүү боюнча тапшырма койгон. Анткени, аймак өнүксө, өлкө өнүгөт. Жакынкы аралыкта бардык сунуштарга ылайык комплекстүү программа иштеп чыгабыз. Жергиликтүү бийликтер менен тыгыз иш алып баруунун натыйжасында маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралат, – деди Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Артем Новиков.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Булак: Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: