21-февралда Өзбекстанда оппозициячыл активист жана укук коргоочу Исраил Халдаров эркиндикке чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов билдирди.
Халдаров 2003-жылдан тарта оппозициялык “Эрк” партиясынын Анжиян облустук бөлүмүн да жетектеген. 2005-жылдын 13-майындагы кандуу окуядан кийин ал шаардагы чыныгы абал тууралуу коомчулукка маалымат жеткирип турган. Анын ичинде Бабур аянтында өлтүрүлгөн адамдар көмүлгөн жайды да айтып берген.
Айрым маалыматтар боюнча, 2005-жылдын соңунда Халдаров саясий башпаанек сурап коңшу Кыргызстанга келип, 2006-жылы Ошто жоголуп кеткен. Расмий билдирүүлөрдө ал 2006-жылы сентябрда Улуттук коопсуздук кызматынын Анжиян облустук бөлүмүнө арыз менен кайрылып, бийликке өзү багынып берген. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, оппозициячыны 2006-жылы июлда Бишкекте кармап, Өзбекстанга алып кетишкен.
Халдаров мекенинде Анжиян окуяларына катышкан деген айып менен 2007-жылы алты жылга эркинен ажыратылган. 2012чи жана 2015-жылдары анын камактагы мөөнөтү үч жылдан узартылган.
Эркиндикке чыккан Исраил Халдаров өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге, ошондой эле жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдарына ыраазычылык билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ