Премьер-министр Caпap Исаков бир топ министрликтердин орунбасарларына сөгүш берип, айрымдарын иштен алды. Качан биздин өлкөдө ЗАМдар эмес САМдар жооп берген мезгил келет? Орунбасарларды жазалагандан башка жол жокпу? Алар өз алдынча эшектин тушагын да чече албасы белгилүү эмеспи. Сапар Исаковдун ыйгарым укуктары 1-декабрдан тарта жаңы Баш мыйзамдын негизинде бир топ эле кеңейди. Бирок Сапар Исаков өтө эле назик, аткаминерлердин “карт бөрүлөрүнө” тиши өтпөй жатат. Дипломат адам чынында жетекчи боло албайт окшойт. Айланасына чет өлкөнүн идеяларына сугарылган бир топ кеңешчилерди чогултуп алганы менен мамлекетке кенедей да пайдасы тийген жок алардын. Элдин эсебинен айлык алгандан башка, жарытылуу деле кеңеш бере алышкан жок. Премьер-министр өзүнүн шайланган жүз күндүгүндө бир-эки бей-бечаранын үйүнө барганы эле болбосо башка чечкиндүү кадамдарды жасай алган жок. Эми бул жигиттин мындан аркы тагдыры туңгуюк болуп турат негедир.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ