Menu

Өзбек-тажик чек арасындагы “Каримовдун дубалы” бузулду

Бөлүшүү:

18-февралда Тажикстандын Согди облусу менен Өзбекстандын Самарканд облусун бириктирген «Саразм-Жартеп» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги чоң дубал бузулду. Ал калк арасында «Каримовдун дубалы» деген аталыш менен белгилүү. Дубал эки өлкөнүн чек ара делегацияларынын катышуусунда бузулду. Тажикстандыктар «Ислам Каримовдун дубалы» деп атап коюшкан тосмо 2010-жылы өзбек бийлигинин демилгеси менен курулган. Анын бийиктиги 3, туурасы 10 метр. Тажик бийлиги аталган көзөмөл-өткөрмө бекетте терминал, мейманкана жана унаа токтотуу жайлары курула турганын билдирди. Маалыматка караганда, «Саразм-Жартеп» өткөрмө бекетинин өзүн кийинки айдын ортосунда ачуу пландалууда. Ага Өзбекстандын делегациясы катышат деп күтүлүүдө.

Булак: Ачык саясат 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: