Menu

Бобков сөздүн күчүнө маани бергенде

Бөлүшүү:

Юрий Бобков иштен кийин үйүнө келатып гезит-журнал саткан күркөдөн саясатты кеңири чагылдырган гезит сатып алган экен. Үйүнө келгенден кийин гезитти өзү окубастан дароо аялына берип:

— Эх байбиче, байкасам шоу гезиттер келиним экөөбүз тууралуу маалыматтарды көбүртүп-жабыртып укмуш саясатташтырып жибериптир. Чынын айтсам, мен деле үй-бүлөлүк саясаттан тажадым. Эмесе бул гезитте кандай саясий жаңылыктар бар экен? Кана, айтып берчи,-деп ошол замат жооп күтүп калыптыр.

Гезиттин 2-бетине бир сыйра көз жүгүрткөн аялы:

– Апей ботом. Экономика министри Артём Новиковго кыргыз тилинен 3 ай сабак берген мугалимге мамлекеттен 36 миң сом бөлүнөт турбайбы. Ал министр андан көрө сага окшоп эле өз алдынча үйрөнүп албайбы, —дептир аялы жылмайып.

Артём үчүн мамлекеттен атайын акча бөлүнөрүнө таң калган Юрий мырза:

– Ой тобоо! Ошондой бекен? Демек, “орус оюндагысын кылат” деген таасын сөз туура эле айтылган экен да,- деп коёт имиш башын чайкап.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: