Menu

Персоналдык пенсия канча сом? Жообун уксаң ыйлагың келет…

Бөлүшүү:

Менин бул макаламды жазууга ЖК депутаты Сыдык Шер-Нияздын “Азия News” гезитине (25-январь 2018-жыл, №3) берген маегиндеги маданият кызматкерлеринин персоналдык пенсияларына үстөк төлөө проблемалары жөнүндө сүйлөгөн сөзү себеп болду. Эл артисти, эмгек сиңирген артисти, эмгек сиңирген ишмери же Ардак грамотасы болобу, алыш үчүн өтө көп эмгектениш керек, наамга жетиш кыйын. Бул наамдарга саналуу эле инсандар жетишет. Жарыбаган маяна алып иштешет.

2015-жылы маданият кызматкерлеринен персоналдык пенсияны жоюп саларда персоналдыгы үчүн канча пенсия аларын билип туруп, анан маселени карашса болмок. Башка тармактагылар 50 миң, 100 миңдеп пенсия алышса ошолорго теңеп жатышпайбы. Ошол 2015-жылдагы персоналдык пенсияны жоюп салардын алдында, акыркылардан болуп биз КР эл артисттери Чоро Думанаев, Каныкей Эралиева жана мен КР эмгек сиңирген артисти Атайбек Бөдөшов персоналдык пенсияга чыктык. Мен ошо кошулган үстөк пулу менен кошкондо 7 миң сомго, Каныкей 4 миң сомго (үстөк пулу кошула элек, кошулса 8 миң сом болот.) Ал эми Чородон “персоналдык пенсияга канча сомго чыктың?” деп сурасам, “ыйлагым келет, сурабачы” деп жооп берди. Ошол депутаттар көп көргөн пенсиянын акчасы ушундай. Ушундай жарыбаган персоналдык пенсия алышып, көпчүлүгү бу дүйнө менен кош айтышып кетишти. “Садык Шер-Нияздын ЖКга депутат болгону абийир болуптур, бизди коргой турган да бирөө бар экен” деп шерденип калдык. Кээ бир депутаттар, чоң кызматтарды аркалаган инсандар маданият жана аны түзүүчүлөр, алып жүрүүчүлөр жөнүндө, алардын коомдогу ролу жөнүндө таптакыр билишпейт же билип туруп билмексен болуп коюшат окшойт. Маданиятсыз бир да коом, мамлекет өнүкпөйт. Эгерде бир мамлектти талкалагың келсе, биринчи иретте маданиятын жок кыл. Маданиятын, рух байлыгын жоготкон эл, эл болуудан калат да, башка элдердин маданиятына сиңип жок болот. ЦРУнун экс-шефи Аллен Далес өзүнүн СССРге каршы доктринасында «алардын руханий дөөлөттөрүн шек алдырбай, кылымдардан бери келаткан ата салтын, нарк- насилин, тилин, дилин башка дөөлөттөргө алмаштыргыла. Адабиятта, искусстводо адамдагы эң пас мыкаачылыкты, баңгичиликти, аракечтикти, уурулукту, паракорчулукту, саткынчылыкты, бетпактыкты, сойкулукту, кыскасы, ыйманга эмне каршы болсо ошону искусствонун туу чокусу кылып жайылтып көрсөткүлө. Ушундай багытта атайын чыгармаларды жаздырып (кино, драма, повест, романдарды, ыр, музыка ж.б.) авторлорго миллиарддап болсо дагы  акчаны аябай берип, эл аралык чоң-чоң сыйлыктарды берип, аларды иштеткиле. Мамлекеттик башкарууда болсо башаламандыкты, тартипсиздикти, демократияга шылтоолоп паракорчулукту, эч ким эч нерсеге жооп бербей турган жоопкерчиликсиздикти түзгүлө. Ушундай принципти аткаминерлерге терең өздөштүрө турган жагдайларды түзүп, «ыйман» деген түшүнүктү түп орду менен жоготкула. Ар улуттун ортосуна тынбай от жагып, ашкере кайгылуу окуялар биринин артынан бири тынбай болуп турушун шарттагыла. Мындай ыкмаларды негизинен жаштарга багыттап, аларды бузуп, маңкуртка айлантуу негизги максатка айлансын. Бул доктрина азыркы убакта «ааламдашуу» деген ат менен бүткүл дүйнөнү каптап чоң көйгөйгө айланды. Бул «ааламдашуунун» сырын билгендер аз эле болот. Аларды шылдыңга алып, эскинин калдыгына, эл душманына айлантып, эч кимге кереги жоктой жагдайга дуушарланткыла» делинет бул доктринада.

Эми ушул айтылгандар толугу менен эмес, ашыгы менен аткарылып жатат. Демократия кайра куруунун шылтоосу менен биринчи иретте маданият мекемелери (маданият үйлөрү, музыкалык мектептер, китепканалар, элдик театрлар, кинотеатрлар, элдик наамы бар айыл жерлериндеги филармониялар. өздүк көркөм ийримдери толук талкаланып иштебей калды. Завод-фабрикалар, колхоз-совхоздорду айтпай эле коёлу. Чыгармачыл союздарды каржылоо толугу менен токтотулду. Жазылган чыгармалардын эч кимге кереги жок болуп, анын ордуна үчүнчү өлкөлөргө (!) деп атайын заказ менен жазылган жогоруда көргөзүлгөндөй бетпак, зыян гана алып келе турган музыка, кинотасмалар каптап кирди. Ишсиз калган өнөр адамдарынын арасынан патриоттук сезимден таптакыр куру калган саткын адамдарды табышып, жогоруда белгилегендей негативдүү чыгармаларды жаздырып, кинотасмаларды тарттырып, ыр, музыкаларды жаздырып, аларды аябай каржылап, элибиздин салтында жок эл-жерибизди шылдыңдаган, жамандаган чыгармаларга эл аралык сыйлыктарды берип жатышат. Мектептеги эстетикалык тарбиянын эң негиздүүсү аталган музыкалык тарбиялоо системалуу түрдө кыйратылды. Музыка сабагынын сааттары кыскартылып, өздүк-көркөм ийримдери жоюлуп, толугу менен талкаланды. Музыка мугалимдери аз маянага иштешпей, иштерин таштоого аргасыз болушту. Азыркы убакта эки жарым миңдей музыка мугалими мектептерге, бала бакчаларга жетишпейт. Алардын ордуна сааты аз башка предметтердин мугалимдери сабак өтүмүш болушууда. Бул эми “алгебра мугалимин хирургдун ордуна операция жаса” дегендей эле жорук. Балдарыбыз музыкалык тарбиясыз калды. Музыкалык эстетикалык тарбиянын жоктугунан өз тилин, каада-салтын, маданиятын чанган жаштар көбөйүүдө. Маданияттын мааниси төмөндөгөндөн төмөндөөдө. Жандүйнөсү, дили жарды, бирок чөнтөктөрү калың, ыйык салт-санаабыз менен иши жок, тегин билбеген, тилин чанган бүтүндөй бир муун келатат. Ошолор бийликке мына-мына келишет. Аларга рух дүйнө жөнүндө сөз кылсаң, иттин үргөнүнөн да жаман угулат. Сенин насаатыңа караганда Батыштын рок музыкаларын жата калып угушат. Улуттун негизги өзөгүн түзгөн руханий баалуулуктардан баш тартуу бул адепсиздик, наадандык, чыккынчылык. Кул – курсагы менен ойлонгон адам. Анын акыл-эси эптеп курсагын тойгузуу. Биздин чөнтөгү калың жаштарыбыздын көпчүлүк катмары бир жактуу курсакты гана ойлоп калышкандай. Мына ушундай жаштар бийликке келишсе эмне болот? Алар башкарганда Кыргыз мамлекети бар болобу? Жүрөгүң түшчү суроо.

Байыртадан бери эле мамлекеттер өнөр адамдарын өзгөчө аздектеп, кадырлап келишкен. Себеби аларды кут адамдары, кут алып жүрүүчүлөр катары билишкен. Ар бир доордун чыгармачыл мыкты инсандары өзү жашаган доордун боёкторун өзүнүн жазган чыгармаларына камтып, өчпөс кылып кийинки муунга калтырган. Кыргыз эли кайсы заманда, кайсы кылымда, кайсы доордо жашабасын, кандай оор замандарды башынан өткөрбөсүн, чыгармачылыкты туу тутуп, анын туу чокусун багындырып келген эл экенбиз. Чыгармачылыктын сыйкыр күчү менен ата-бабаларыбыз, анын ичинде өнөр адамдары эпостордо, ыр-күүлөрдө, дастандарда, кошоктордо өткөн доордун боёкторун камтып көргөзүп, жазуу түрүндө, айрыкча оозеки түрүндө муундан муунга калтырып жүрүп отурушуп бизге жеткиришиптир. Жашоонун эң негизги туткасы руханий байлык экенин туу туткан  ата-бабаларыбыз кылымдардан бери көздүн карегиндей сактап келаткан улуу салттарыбыз бар үчүн, аны сактагандыгы үчүн кыргыз улуту жашап келе жатабыз. Рим империясынын императору (Цезарь) мамлекеттин даңкын бекемдөө жана арттыруу үчүн маданиятты өнүктүрүү керек экенин баамдап, “идеологиянын кубаттуу күчү өнөр ээлерине таандык” деп баса белгилеп, алардын чыгармачылыгына өлкө казынасынан акча бөлдүрүп, ал гана эмес өлкөдөгү бай адамдарга өнөр адамдарына колдоо көрсөтүүсүн (бизче демөөрчүлүк) милдеттендирет. Ал кезде Рим акчасы «талант» аталгандыктан, өнөр ээлери байып, эл тамашалап таланттуулар (акчалуулар) деп атышып, бүткүл дүйнөгө жайылып кетип өнөр адамдары «таланттуу» аталып калыптыр. Коңшу казак элинин султаны Аблай хан Бухар жырау деген ырчысына өтө урмат сый көрсөтүп,  отуруштарда Бухар жыраусун өзүнөн жогору отургузчу экен. “Эмнеге минтесиз?” десе, Абылай хан «ырчыларды Кудай шайлаган, алар Алланын адамдары. Мени болсо үч жүз шайлаган” дептир. Ошол салтты Казак Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев сактап, маданиятка өтө көңүл бөлүп, өнөр адамдарын сыйлап келет. Назарбаевдин өнөр адамадарына кандай сый мамиле кыларын өз көзүм менен көргөн жайым бар. Ал эми Россиянын президенти В.Путин мындан эки жыл мурун жалаң балдар жанрында эмгектенген чыгаан өнөр адамдарын өзүнчө бөлүп, ар бирине (кээ бирлери коллектив менен) 22 млн. рублден өз фондусунан сыйлык берди. Сыйлык алгандар ашып кетсе 50-60тай адамдар эле болушту. В.Путин жыл сайын жаңы жыл алдында өнөр адамдарына 1-2 млн. рублден сыйлык берип турат. Бизде болсо балдар жанрында онго жетпеген өнөр адамдары чыгармаларды жазып келебиз. Сыйлык эмес сурап койгон киши жок. Залкар талант, КР эл жазуучусу, таланттуу драматург Мурза Гапаров «бизде чыныгы таланттарды сооруккан аттай атып салышат» деди эле. Бизде маданиятка олуттуу көңүл бурулбаганы үчүн өсүү жолубуз буулуп туру. Чыгарма жазасыңбы-жазбайсыңбы, эч кимдин иши жок. Эч кимге керегиң жок. Мамлекет бизди эбак эле талаага таштап салган. Азыр биз обон жанрын улуу жана орто муундагы обончулар гана илгертеден келаткан нукта кармап турабыз. Бир тыйын албасак да чыгармаларыбызды жазып, кабагым-кашым дебей иштеп жатабыз. Жаштарыбыз, 15 жаштан 35 жашка чейинки бир муунду алсак, арасында салттуу нукта, накта кыргызча колоритте обон жазган бир да обончу жок. Жазгандарынын баарысы ар өлкөлөрдүн ырларынан уурдалган, сөздөрү өтө начар, плагиат обондор. Бул муунду «жоголгон муун” десек болчудай. Бирок буларда күнөө жок. Күнөө бизде, биз буларды кыргызча нукта тарбиялай алган жокпуз. Биринчи иретте мамлекет тарабынан жетиштүү каралган жок. Булардын жандүйнөсү, руху «глоболизация» бороонунун соккусу менен талкаланды, дагы эле талкаланууда. Жаш балдардын өзүн-өзү өлтүрүүсү ж.б. трагедиялуу окуялар күчөп жатпайбы. Мына ушунун баары маданиятка көңүл бурулбай, балдарыбыз бала бакчадан, мектеп партасынан бери эстетикалык тарбия көрбөй, көркөм табити өспөй, Батыштын музыкаларынын жаман таасиринин астында ууланышынын кесепети болуп жатат.

Музыканын адамзатына тийгизген жаман-жакшы таасирлери жөнүндө кененирээк өзүнчө башка макаламда айтармын. Азырынча ушуну менен макаламды жыйынтыктайын. Бир тууган Шер-Ниязовдорго каалоом: жоголуп бараткан төкмөлүк өнөрдү силер өз жаныңардан каржылап, миллиондогон акчаңарды коротуп жатып сактап калдыңар, дагы да сактап келесиңер. Кылымдардан бери келе жаткан улакчылык өнөрдү, манасчылык өнөрдү силер сактап, өркүндөтүп, манасчыларды өстүрүп жатасыңар. Кино искусствосунда да эмгек өтөп жатасыңар. Бар болгула! Силер анык атанын, кыргыз элинин накта  уулдарысыңар. Анык баатыр силерсиңер! Ал эми силерге айдактап үрдүрүп жаткан иттерге көңүл бурбай эле койгула. «Иттер үрө беришет, сырттандар жүрө беришет». Кыргыз эли, анын ичинде мен да силердей эл уулдары менен сыймыктанам. Дагы бир жолу бар болгула!

Атайбек БӨДӨШОВ, КР эмгек сиңирген артисти, композитор, обончу, комузчу

Булак: Азия Ньюс 

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: