Menu

Искендер Гаипкулов, Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан депутат: “Өмүрбек Чиркешович “жаңы бийликтин жакшы иштерин колдогула” деди”

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» лидери Өмүрбек Текебаевдин ордуна парламентке депутат болуп келген “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсү, Эсептөө палатасынын мурдагы төрагасы Искендер Гаипкулов фракциянын тегерегинде айтылып келген күбүр-шыбыр кептер тууралуу өз оюн билдирди.

— Искендер мырза, “Ата Мекен” фракциясынын катарына депутат болуп, мандаты алынган Өмүрбек Текебаевдин ордуна келдиңиз. Жакында абакка кирип, ал кишинин абалы менен таанышып чыктыңыз. Эмне тууралуу сүйлөштүңүздөр?

— Мен депутат болгондон бери “Гаипкулов кантип “Ата Мекенден” депутат болуп келип калды?” деген таңкалуулар көп болуп жатат. Биринчи кезекте ошолорго жооп катары айтып койгум келет, мен “Улуттар биримдиги” партиясынын мүчөсүмүн, шайлоого барарда биздин партия “Ата Мекенге” биригип, тизмеге биздин партиянын айрым мүчөлөрү да киргизилген. Мен кезектеги тизмеде болгондуктан, Текебаевдин мандаты алынганда, тартип боюнча депутаттык мандат алдым.

Ооба, Текебаевдин ордуна келген депутат катары, ал кишинин абалын көрүп, кабар алганча, батасын алып чыктым. Сүйлөшүүбүз бир саатка созулду. Фракциянын ишмердиги, максаттары, негизги принциптер тууралуу сүйлөштүк. Жаңы бийлик келип, жаңыча иш баштап жатат. Өмүрбек Чиркешович да жаңы бийликтин мамлекет үчүн жасап жаткан жакшы иштери болсо, аны “Ата Мекен” да колдошу керек деген пикирде. Ал эми элдин кызыкчылыгына каршы мыйзамдар болсо, оппозициялык партия катары принциптерди ачык айткыла деген каалоолорун айтты.

— “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов кайда? Байланышып турасыздарбы? Партиянын ишмердиги кандай болуп жатат?

— “Улуттар биримдигинин” саясый кеңеши бар, мен ага мүчөмүн. Иш-план боюнча партия ишин жүргүзүп жатат. Өткөнкү саясый процесстерде, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышкан жокпуз. Анткени, партияга мурдагы бийлик тараптан өгөй мамиле болуп турган. Буюрса, быйыл айылдык кеңештерге шайлоолор болсо, катышабыз.

Ал эми Мырзакматов тууралуу бир нерсе айтсаң, ар ким ар кандай жоруйт. Ошодуктан, ал тууралуу көп айтпайм. Биз кудабыз. Жакын тууганбыз. Катташкан туугандык мамилебиз бар…

— “Ата Мекен” фракциясында лидерлик орун талашка түшүп жатат деген маалыматтар айтылууда. Канчалык чындыгы бар?

— Эч кандай лидерлик орун талаш болгон жок. Фракция мүчөлөрүнүн да ынтымагы, биримдиги жакшы. Ар кандай маселелерде чогуу кеңешип, чогуу талкуулап иш алып барып жатабыз. Лидерлик талаш болгудай, оңой жумуш эмес. Анүстүнө баары эле лидер боло албайт. Партияга салымы зор, партиянын идеологиясын, программасын жакшы билген, прициби бар, көз карашын ачык айта алган саясатчы гана лидер боло алат. Андыктан, коллегалардын арасында лидерликти эңсеп, талашып чуркаган киши жок. Алмамбет Шыкмаматов лидер катары жакшынакай эле иштеп жатат. Фракциянын да, партиянын да мүчөлөрүндө ал акталып чыгат деген үмүт-максаттар бар. Анткени, президент Сооронбай Жээнбеков коопсуздук кеңешинин жыйынында бүт укук коргоо органдарында, айрыкча соттордо мыйзамды сактоо боюнча талаптарды койду. Соттор деле адилеттүү караса, Шыкмаматов акталып чыгат деген толук ишеним бар.

Экинчи маселе, мен Эсептөө палатасында жетекчи болуп иштегем. Бул маселеде ачык оюмду айтсам, Шыкмаматовдун тендердик комиссияда эч кандай тиешеси жок. Аялынын машинасын тендерге катышып, утуп алган компания сатып алып жатса, Шыкмаматовго күнөө койгон туура эмес болуп калган. Бул жерде саясый буйрук болгону көрүнүп турат. Ошондуктан, жаңы бийликтин сынына кабылган сот органдары адилет чечим чыгарат деп ойлойм.

— Фракциянын катарынан айрым депутаттарды чыгаруу маселеси барбы?

— Мындай маалыматтан кабарым жок. Мен деле фракция мүчөсүмүн, демек, мен деле укмакмын да. Депутатты фракциянын катарынан чыгарыш үчүн ал партиянын же фракциянын жумушуна чоң мүчүлүштүк келтирсе, туура эмес иш жасаса гана маселе көтөрүлөт. Трибунадан фракциянын көз карашына туура келбеген сөз сүйлөп койсо эле фракциядан чыгарып сала албайт эч ким. Ар бир депутаттын өз пикири, көз карашы бар, ал өзү каалагандай добуш берүүчү ыйгарым укугу бар. Эгерде кайсы бир маселеде фракция чечим кабыл алса, анда фракциянын чечимине баш ийиш керек. Башка убакта депутатка эч ким басым кыла албайт.

— “Атамекенчи” дагы бир депутат Аида Саляновага карата шаардык соттун чечиминен кийин, БШК анын мандатын алуу маселесин жакынкы арада карай турган болууда. Тизме боюнча кезектеги мандат кимге берилет?

– Клара Кабилова кезектеги тизмеде турат. Бирок, Салянованын мандатын алуу маселесине ашыкпаш керек. Жогорку соттун чечими бар. Албетте, бизде шаардык соттон кийин эле күчүнө кирет деп шашып калышат. Мен билгенден, Салянованын адвокаттары Жогорку сотко кайрылышкан. Баары Жогорку соттун чечиминен кийин болушу керек. Баарыбыздын үмүтүбүз – жаңы президенттин өз эрки менен коррупцияга каршы күрөшүү, сот, укук коргоо, күч органдарына өткөргөн жыйынынын жыйынтыгы менен мамлекетте чоң өзгөрүүлөр болсо керек. Өзгөрүүлөр болсо, биздин коллегаларга карата да туура сот чечимдери кабыл алынат.

— “Жазында парламент тарайт” деген сөздөр бар. Тароого негиз барбы?

— Эгерде парламент өзүн-өзү таратуу тууралуу чечим кабыл алса, тарайт. Экинчи варианты – өкмөт менен парламенттин келишпестигинен президент тарата алат. Демек, азыр тароого себептер жок.

Динар ТУРДУГУЛОВА

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: