Menu

Феминисттердин жөө жүрүшүн үзгүлтүккө учуратып, аялдарга кол салган 5 жаран кармалды

Бөлүшүү:

Феминисттик жүрүштүн катышуучулары менен кагылышкан жарандардын өздүгү такталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, беш жаранга карата Бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде протокол түзүлгөн. Чагымчыл иштерди уюштурган адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана аларды кармоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-мартта Bishkek Feminist Initiatives уюму Бишкекте Феминисттердин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүрүшүн өткөрмөк. Жөө жүрүштүн катышуучулары Жеңиш аянтына чогула башташкан. Бирок, ак калпак, медициналык беткап кийген адамдар келип кол салышып, кууп-таратышкан. Бул окуядан кийин Свердлов райондук милициясы 60тай жаранды кармап кеткен.

Жыйынтыгында милиция кармалган 60 кишинин 50сүн коё берип, 10 жаранга бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей каршылык көрсөттү деген айып тагып, 3000 сомдон айыппул салып, анан чыгарган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: