Menu

Кыргызстанда Кабардино-Балкариялык акындын 100 жылдыгын белгилешет

Бөлүшүү:

2018-жылдын  26-февралында саат 18.00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кабардин-Балкариянын (РФ) атактуу акыны Кайсын Кулиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлөт, – бул туралуу Улуттук китепкананын пресс-борбору.

Бул иш-чара ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун, Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурулган.

Кайсын Шуваевич Кулиев – Кабардин-Балкариянын эл акыны, өзүнүн мыкты чыгармалары менен зор мурас калтырган. Өз доорунун руханий дүйнөсүн мыкты чагылдырган акын жана адам катары калыптанышына Балкариядагы бийик тоодогу ал өзү туулуп өсүп, турмуштук тарбия алган Элтөбө (Верхний  Чегем) айылынын табияты таасир эткен. К.Кулиев фронтто десантчы болуп кызмат өтөгөн, «Сын отечества» гезитинин аскердик кабарчысы болгон, жоготууларды башынан өткөргөн, жарадар болуп кыйынчылыктарды тарткан. Ал  Москваны, Орелду, Ростовду, Украинаны, Крымды, Прибалтиканы бошотуудагы согуштарга катышкан.

Акындын чыгармачылыгы гүлдөп өскөн кез 1960-1970-жылдарга туура келет. Бул мезгилде анын ырлар жыйнактары чыгып, ар бир чыккан жаңы китеби: «Раненый камень», «Огонь на горе», «Колосья и звезды», «Мир твоему дому», «Кизиловый отсвет», «Книга земли», «Так растет и дерево» деген публицистикалык жана башка китептери адабияттагы көрүнүктүү окуя болуп турган. 1990-жылы Кайсын Кулиевге «Человек. Птица. Дерево» деген китеби үчүн Ленин сыйлыгы ыйгарылган (өлгөндөн кийин).  Ч.Айтматов К.Кулиевдин кылдат эстетикалык табитине, дүйнөлүк адабият боюнча билимине суктанса, Б.Пастернак аны «Кавказдын Есенини» деп атаган. К.Кулиевдин чыгармаларынан анын башка адамдардын кайгы-муңуна кайдыгер эместиги, Жер бетиндеги баардык тирүү жан үчүн ой-санаасын бөлгөн күйүмдүү акын экендиги билинип турат. К.Кулиевдин поэзиясы кайрымдуулукка жана тереңдикке, жан дүйнөнүн бекемдигине жана кайратмандыкка, ата-энени сыйлоого жана Мекендик сүйүүгө үндөп турат.

К.Кулиевдин чыгармалары дүйнөнүн 140 тилине которулган. Анын китептери Европанын, Азиянын жана Американын көптөгөн өлкөлөрүндө чыгарылган.

Иш-чаранын алкагында  видеофильм, концерттик программа, ошондой эле К.Кулиевдин чыгармачылыгына арналган “Балкардын жана бардык элдин акыны” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө бар.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, министрликтер менен ведомстволордун, элчиликтердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле илимдин, маданияттын жана билим берүүнүн ишмерлери, жалпыга маалымдоо каражаттары, жождордун студенттери жана кеңири коомчулук катышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: