Menu

Мамлекеттик инвестициялар программасын тийиштүү аткарбагандыгы үчүн бир катар министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды

Бөлүшүү:

2017-жылга Мамлекеттик инвестициялар программасын аткаруу жыйынтыгы боюнча өлкөнүн бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды. Тийиштүү чечим 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды.

2017-жылга Мамлекеттик инвестициялар программасынын аткарылышы тууралуу вице-премьер-министр Санжар Муканбетов баяндама жасады. Анын айтымында, акыркы жылдары белгиленген программаны аткарууда терс көрүнүштөр байкалды.

«2017-жылдын ичинде Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 83 долбоор ишке ашырылды. 2017-жылы мамлекеттик инвестициялардын бекитилген бюджетинин жалпы суммасы 39 млрд сомду түзгөн, анын иш жүзүндө аткарылышы 27,8 млрд сомду же белгиленген пландын 71% гана түздү. Ошол себептүү 11,3 млрд сом өздөштүрүлбөй калган», – деп билдирди ал.

Вице-премьер-министр Санжар Муканбетов бир нече министрликтер жана ведомстоволор 2017-жылга бекитилген Программаны аткарбагандыгын белгиледи.

«Бул Финансы министрлиги, Экономика министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги жана КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги”, – деп билдирди ал.

Өз учурунда Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик инвестициялар Программасынын алкагында донорлор маанилү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржы бөлүп берет, бирок айрым мамлекеттик органдар бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу өздөштүрө албай жатат деп белгиледи.

«Ушундай мамиленин себеби кээ бир башкаруучулардын ишине шалаакылык менен мамиле кылуусунда жатат. Мамлекеттик инвестициялар Программасынын толук аткарылышы өлкөнүн ИДПсын 3-4% эсе көтөрүп, ага оң таасирин тийгизмек. Экономиканын өнүгүшү ошондой эле Мамлекеттик инвестициялар программасын натыйжалуу ишке ашыруудан көз каранды. Мамлекеттик инвестициялар Программасында камтылган иш-чаралардын өз убагында аткарылбагандыгы – бул жоопкерсиздик. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги планды 170% аткарган. Эмне себептен силер минтип иштей албайсыңар. Мындай иш алып барууга болбойт», – деди Өкмөт башчы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинин жыйынтыгы менен финансы министри Адылбек Касымалиевге эскертүү жарыялоо чечими кабыл алынды. Мындан тышкары төмөнкүлөргө:

– Экономика министри Артем Новиковго;

– Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага;

– Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге;

– Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге;

– Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго;

– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевге;

– Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Буга катар Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Мамлекеттик инвестициялар программасын ишке ашыруу маселесин тейлеген төраганын орун басарынын жоопкерчилгин карап чыгып жана аны ишинде кетирген кемчиликтери үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштама киргизүү тапшырмасын берди.

Жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков эгерде жогоруда көрсөтүлгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери Мамлекеттик инвестицияларды ишке ашыруу жаатындагы абалды жакшыртуу боюнча тийиштүү чараларды кабыл албаса, алардын ээлеген кызматына дал келүүсү боюнча маселе коюларын белгиледи.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: