Menu

Айбек Карымов: «Үйүмө алты жолу ууру кирип, миллион сомго чыгым кылышты окшойт»

Бөлүшүү:

Айбек Карымов: «Мен бир жылдары Ички иштер министрлигинин ансамблин жетектеп, милиция кызматкерлеринин маданий иштерин тейлеп, аз да болсо мекен, эл, жер үчүн ак кызмат өтөп, милиция кызматкерлери менен эриш-аркак иштеп жүрүп жарым-жартылай милиция болуп калган окшойм. Азыркыга чейин милиция кызматкерлерине жан тартып турам. Алардын түйшүгүн сезип турам. Өз учурунда кыргыз милициясынын маршын дагы жазгам. Бирок акыркы эки жылда негедир милиция кызматкерлери менин ишеничимди, менин эле эмес, элдин ишеничин актай албай калды көрүнөт. Мындан улам “менин милициям мени коргойбу же кордойбу” деген эки анжы ойдо турам.
2017-жылы үйүмө 5 жолу ууру кирди. Ал эми жаңырган жылдын бешинчи эле күнүндө алтынчы ирет кирди. Ошону менен милиция кызматкерлерине 6 жолу кайрылдым. Издешти, таба алышпады. Бирөөсүндө телефон уурдаган экен өзүм таап, кармап барып бердим. Калган беш кылмыштын бети ачыла элек. Үйдүн ичи-сыртына коюлган видеобайкоодо кылмышкердин жүзү ачык көрүнүп турат. Кыргыз милициясына ишенип, табылар, кармап жазага тартаар деген ишенич менен күтүп келдим. Акыры кооптуу жагдай жаралганда аргасыз айгай салууга мажбур болуп отурам…»

– Айбек Мырза, үйүңүзгө алты жолу ууру киргенин айтып кайрылуу жасадыңыз, алты жолкусунда тең жыйынтык болбогону кызык экен…
– Биз уурулар менен эле жашап калгандайбыз. Эң алгач 2016-жылдын аягында кирип майда-чүйдө керектүү нерселерибизди уурдап кетишкен. Андан кийин да кирип олтуруп жалпысынан беш жолу кирген. 2018-жылкы Жаңы жылды тосуп коюп, үй-бүлөм менен чет өлкөгө эс алууга кеттим эле. Ал жактан кайтып келсем, ууру дагы кирип 200 миң сомдун тегерегиндеги буюмдарымды уурдап кетиптир. Бул убакка чейин ууру кирген сайын милиция кызматкерлерине кайрылып келгем. Алар баягыдай эле келет, текшерет, бир нерсе кылымыш этип кыйратабыз деп кетишет да, ошол боюнча дайындары жок. Керек болсо мен аларга уурулардын сүрөтүнөн бери бергем. Үйүмдүн ар бир бөлмөсүнө видеокамера коюп койгом, ошол жерге уурунун үйдө жүргөнүнүн баары тартылып калган. Мен сүрөт кылып чыгарып милициянын колуна берсем да таппады. Бир жолкусунда уюлдук телефонумду уурдап кетишкен. Ал ууруну телефон аркылуу өзүм кармап алып милициянын колуна тапшыргам, бирок камаштыбы же эмне болду дайыны жок. Командирлерине: «Силер уялбасаңар да, мен уялып бүттүм. Эми жумушка барбай эле үйүмдү кайтарып жатышым керекпи? Анда жогору жакка министрге кайрылайын», – десем, «коё туруңуз, байке, биз кармайбыз», – деп он күн, он беш күн уруксат сурап алышат, тилекке каршы, жыйынтык жок. Мына 5-январдан бери бир айдан ашык убакыт өттү. өткөндө да бир жума коё тур дешти, дагы деле эч кандай пайда жок. Анан мурункулардай болуп убакыт өтүп эскирип кетпесин деп министрге кат жаздым дагы, коомчулукка да: «Биздин милициялардын иштеп атканы ушул, көргүлө», – деп билдирип койдум.

– Ууру сиздер жашаган аймактагы башка үйлөргө да кирип жаткан турбайбы, демек, ошол аймакты билгендер го?
– Ооба, Раздольное айылындагы менин кошуналарымдан жыйырмадан ашык үйгө кирген. Ал байкуштар аргасы түгөнүп: «Ай, Айбек, сеникине деле ууру кирип атат, бизге болсо күн көрсөтпөй калды. Сени эл тааныйт, жок дегенде сен айтып, министрге кайрылсаң боло», – деп келишет. Мен аларга: «Милицияга мүмкүнчүлүк берели, алар табабыз деп атышат», – дейм, ошентип канча жүрдүк. Акыры чыдамым кетти. Айрымдар: «Сүрөтүн бергенде табыш керек эле да, милиция менен уурулар биригип алып иш кылып атышат окшойт», – дешет. Чынында сүрөтүн берсем да табышпаса, эми ууруну өзүм кармап беришим керекпи?

– Уруу сиздер үйдө жокто кирип аткан турбайбы?
– Биз үйдөн бир жакка чыксак эле ууру кирет. Андан улам биздин жок экенибизди билсе айлана-чөйрөдөгүлөр эле окшойт дейсиң. Бирок кармап албагандан кийин бирөөнү бир нерсе дей албайт экенсиң.

– Үйүңүздү бала бакча кылып койбодуңуз беле, демек, бала бакчага айланган үйгө кирип атса кооптуу эле уурулар окшойт…
– Ырас, үйүбүздү бала бакча кылып койгонбуз. Акыркысында биз чет өлкөгө кетип, балдар да кышкы эс алууга кеткенде кирип атпайбы. Булар түндө киришет. Чоң жол жактан эмес, кошунанын үйү жактан ашып, терезе аркылуу үйгө киришет. Бала бакча бар жерге дөбөт ит баккан да кыйын да, айтор, эркин эле кирип атышат.

– Сиздин тапанчаңызды алып кеткенин айтып атасыз, ал тапанчаны эмне максатта алдыңыз эле?
– Менин уруксатым бар. Өзүмдүн травматикалык тапанчам болчу. Видеокамерага ууру үйдө тапанчамды көтөрүп кыдырып жүргөнү түшүп атат. Укук коргоо органдары ошол тапанчадан чочуласа болмок, ал тапанча менен ууру эмне иштерди кылып жүрөт деп ойлонуп аракет кылыш керек болчу. Бул ууруларды жакшылап издесе табылат. Эки күндөн бери милиция кызматкерлери жакшылап иштеп аткандай, андыктан үмүт кылып атам.

– Уурулар эмне буюмдарга басым жасайт, байкайсызбы?

– Булар көбүнчө үйдү чачып акча издешет. Биздин кошуналардын бири “Дордой” базарында иштейт, ошону аңдып туруп түшкү тамактанууга келип кеткенден кийин эле акчасын уурдап кетип атышпайбы. Акча издешет, эгерде акча жок болсо, анан баалуу буюмдарды алышат. Мисалы, алтын, норка тумак, акыркы жолу биздикинен телевизорлорду уурдашкан. Шашпай эле жүктөп кетишет экен.

– Алты жолу ууру кирсе, канчага чыгым болдуңуз?
– Эсептей деле албай калдым, акыркы киргенде эле 200 миңдей чыгым кылып кетишти. Үйдөн бир нерсени таппай калганда: «Ий, уурулар алып кеткен турбайбы», – деп эле кала беребиз. Үйүмө жалпысынан алты жолу ууру кирип миллион сомго чыгым кылды окшойт.

– Азыр үйүңүздөргө жашагандан кооптонуп калдыңыздарбы?
– Ооба, кооптонуп шаардан кабат үйлөрдөн батир сатып алып көчүп келдик. Мен командировкага көп кетем, мен жок бала-чакам үйдө жалгыз кала албай жатпайбы. Азыр ал үйдө бала бакчанын керебеттери эле калды, ошолорду эле уурдабаса баалуу буюмдарыбыз калган жок. Эми ал үйгө күзөтчү коём го. Азыр максатым эле уурулардын табылышы. Министрге катымды жолдодум, жыйынтык болор, болбосо айла жок президентке кайрылабыз го дейм. Пресс-конференция да өткөрөм. Уурулар табылса коомчулукка алып чыгып, чыгымыбызды төлөтүп, жоопко тарттырмакпыз.

Динара ЧОКОЕВА

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: