Бишкекте жеке бала бакчанын от жагуучу бөлмөсүндө от жагуучу меш жарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-октябрь күнү саат 15:28те Ленин районунун Ак-Өргө конушунун Ашар көчөсүндө №35к, “Ай-Тилек” менчик балдар бакчасынын от жагуучу бөлмөсүндө от жагуучу меши жарылган.
Кырсыктын кесепетинен 1999-жылы туулган эркек киши бутунан жана жамбашынан күйүк алып ооруканага жеткирилген.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ