2017-жылдын 8-ноябрь күнү болжол менен саат 09:20 чамасында Кара-Суу шаарынын балдар ооруканасынын жанынан Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1965-жылы туулган И.Г. аттуу Кара-Суу районунун тургуну кармалган. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Текшерүү жүргүзгөн учурда шектүүнүн башкаруусундагы “Деу-Нексия” үлгүсүндөгү унаасынын багажынан күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар 4 килограммга жакын баңгизат табылып алынган.
Табылган заттар Ош ОИИБнин Криминалистика бөлүмүнө химиялык экспертиза өтүү үчүн тапшырылган. Жыйынтыгында гашиш баңгизаты болуп чыккан. Учурда Ош ОИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу-кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ