Кышкы олимпиада оюндарында биздин Кыргызстандан эки спортчу кеткенин баарыбыз билебиз. Тариэл Жаркымбаев кыска аралыкка лыжа менен жарышууда 80 спортчунун ичинен 78-орунду камсыз кыла алган болсо, экинчи спортчубуз Евгений Тимофеев тоо лыжасы, анын ичинде гигант слалому боюнча 109 спортчу менен мелдешке чыгып, биринчи аракети боюнча 1 мүнөт 20,9 секундда мараны кесип өтүп, экинчи аракетинде 1 мүнөт 20,13 секунда, жалпы 2 мүнөт 41,03 секунд убакытты көргөзүп, 63-орунда калды. Бүгүн 22-февраль күнү слалом боюнча мелдешке чыгат. Жыйынтыгын күтө туралы. Ал эми кышкы олимпиада оюндары боюнча жыйынтыктоо кебибизди келерки сандан окуйсуздар.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ