Menu

Сирияда каза болгон тажик жоочунун апасы моделге айланды

Бөлүшүү:

«Ислам мамлекети» террордук тобунун Сирияда каза болгон жоочусу, тажикстандык Бахтиёр Шеровдун апасы тажик аялдарынын улуттук кийимдерин кийип, модел катары аларды элге көрсөтүүдө.

Тажикстандын Маданият министрлиги улуттук стилдеги кийимдердин үлгүлөрүн иштеп чыгып, жарандарга сунуштоодо. Анда улуттук кийимдин күнүмдүк турмушта, сейилдөөдө, театрга, концерттик залдарга жана майрамдык иш-чараларга кийип барууга ылайыктуу түрлөрү бар.

Хосият Шерова орто жаштагы аялдарга ылайыктуу улуттук кийимдерди көрсөтөт
Хосият Шерова орто жаштагы аялдарга ылайыктуу улуттук кийимдерди көрсөтөт

Кийимдерди көргөзүү үчүн элдин алдына кийип чыккандардын арасында Куляб шаарынын 51 жаштагы тургуну Хосият Шерова дагы бар. Анын ИМ тобунун катарына кошулуп кеткен уулу төрт жыл мурда Сирияда каза болгон.

Бахтиёр Шеров
Бахтиёр Шеров

Бахтиёрдун апасынын айтымында, уулу аны улуттук кийимдерди кийип жүргөндүгү үчүн көп жемелечү. «Ал менин араптардын кийимин кийишимди кааласа керек. Дал ошол башка маданиятка баш ийүүнүн аркасы менен уулум ИМдин катарына кошулуп кетти деп ойлом», — деген Хосият Шерова улуттук кийимдерди көрсөтүү менен «жат маданиятка» каршы күрөшүүнү чечкен.

«Хосият Шерова кийимдердин өзү жасаган үлгүлөрүн алып келип, ал бизге жагып калды. Ал өтө активдүү аял, бардык маданий иш-чараларга катышат», — деди Куляб аймактык маданият бөлүмүнүн жетекчиси Хайрулло Тохиров. Анын айтымында, Шерова бир ай мурда жумушчу топ тарабынан модел катары тандалып алынган. Учурда ал орто жаштагы аялдарга ылайыктуу кийимдерди көрсөтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: