Menu

Тажикстанда улут аралык маңзат сатуу тобунун башчысы 18 жылга соттолду

Бөлүшүү:

Душанбенин Фирдавси райондук соту тарабынан улут аралык маңзат сатуу тобунун лидери Мусалмон Холов 18 жылга эркинен ажыратылды. Аны менен бирге дагы үч шериги узак мөөнөттөргө соттолушту.

Өкүм 21-февралда чыккан жана азырынча күчүнө кире элек. Ошондуктан соттолгондор ал чечим боюнча даттана алышат. Соттон бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Белгилүү болгондой, кылмыштуу топ 9 кишиден турган жана мыйзамсыз жүктөрдү Тажикстандын аймагы аркылуу Ооганстандан Орусияга алып барып сатуу менен алектенген.

​Маалыматка караганда, Мусалмон Холов шериктери менен кошо өткөн жылы августта Тажикстан менен Орусиянын күч түзүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция маалында кармалган. Акыркы бир нече жылдын ичинде аталган топтун мүчөлөрү Орусиянын аймагында жүздөгөн килограмм маңзат сатышкан.

Тажикстандын Маңзатын көзөмөлдөө агенттигинин маалыматы боюнча, акыркы эки жылда Орусиянын аймагында баңгизат сатуу айыбы менен 163 киши кармалса, алардын көбү Мусалмон Холов тарабынан ишке тартылган тажик улутундагылар болушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: