Menu

Музаффар Исаков качан соттолот?

Бөлүшүү:

Өткөн жылдын этегинде Бишкектеги Октябрь райондук соту парламенттин мурдагы депута­ты Карганбек Самаковду он жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Анын уулу менен төрт шериги сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер министр Искендербек Айдаралиевге беш мил­лион сом айып салынган. Коомчулукта Самаковдун соттолушу, ал эми негизги күнөөлүүлөр айып төлөп кутулушканы, адилеттик болбой калганы сынга алынган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго дагы туура бир жыл мурда жер сатууга байланыштуу кылмыш иши козгол­гон. Анда Исаков “Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтү болуп турганда 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган, 15 гектарга чукул жерди жеке турак жай тургузууга мыйзамсыз берип жиберген” деп айыпталган. Бирок бүгүнкүгө чейин эч нерсе болгон жок. Бийлик кош стандарттуу мыйзам менен иштеп жатканы сокурга да көрүнүп турат. Анан кантип оңолобуз?

Булак: Фабула

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: