Башкы прокуратура Ак-Талаа районунун Акталчат айылындагы Нарын дарыясынан өткөн көпүрөнү оңдоо иштеринде 35 млн. сом каражат мыйзамсыз иштетилгенин аныктады. Текшерүүдө былтыр 4-июлда Нарындагы №15 жол эксплуатациялык башкармалыгы (ЖЭБ) көпүрөнү оңдоо боюнча курулуш компанияларына сынак өткөрүп, “К” жоопкерчилиги чектелген коомун жеңүүчү деп таап, 42 млн. 858 сомго келишим түзгөн. Андан кийин №15 ЖЭБ мекемеси мамлекеттик сатып алуу боюнча эрежелерди сактабай, мыйзамдарды бузуу менен акчаны аталган фирманын эсебине которуп койгон. Каражаттар банктык кепилдик жана күрөө менен корголбой калган. Натыйжада “К” курулуш компаниясы көпүрөнү оңдоо иштерин 8-сентябрга бүткөрүү милдетин алганы менен жумуш ушул күнгө чейин бүткөн эмес. Мамлекетке 35 351 800 сом зыян келтирилген. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ