Menu

Алга Кылычов, мамлекеттик кызматкер: “Роза гүлү менен итти көрсөм ушул окуяны эстеп күлөм”

Бөлүшүү:

– Эстен кеткис жолугушуу күндөрүңүз?

– 19-20 жашымда болсо ке­рек. Анда мен РБМУда, Республикалык Бишкек медициналык училищада окучу элем. Жаш кезде не деген гана күндөр өтпөйт. Ал кезде азыркыдай “Вотсап”, “Фейсбук”, уюлдук телефон деген бизде такыр түшүнүк жок. Ушул эле окуу жайда окуган Мадина деген кыз менен акырындап мамиле түзө баштагам. Май айлары болсо керек эле. Ал кыз Кант шаарында жашачу. Атасы, апасы соода кылышчу. Россия, Кытайга товар алып келгени көп катташчу. Үйүнүн дубалы 2 метрден да бийик тосулган болчу. Дубал жээгиндеги үй тарабы роза гүлдөрү кыдырата жыш жана бийик тигилген эле. Ата-энеси жокто ал кыздыкына барып, үйүнүн астында чарпаяда маектешип отурчубуз. Үйүндө чоң немец ити бар болчу. Өтө ажаан ит эле. Дайыма сарай тарабында ит уясында чынжыр менен байланып турчу. Бир күнү мен жаңы көйнөк, жаңы шым кийип, кичинекей белек алып алып, сюрприз жасагым келип, адаттан тыш жарым саатка эрте барып, мага тааныш чарпаяга жаңы эле отурганда, кайдан-жайдан баягы кабаанак ажаан ит мени көздөй чу салды. Күндүз байланып турчу ит бүгүн бош экен.Тап берип сес көрсөтсөм да болбойт. Арга жок качып жөнөдүм. Чынын айтсам, коркуу сезим өтө курч болду. Себеби мени кичинемде айылдаш Калык деген атанын овчаркасынын таландысында калгам. Ошого иттен коркуу сезими калып калат экен. Анан коркконумдан баягы розалардын арасынан өтө качып, жөн кез­де секире албаган дубалынан заматта секирип качтым. Дубалдан ашкандан соң карасам денемдин баары тызылдайт. Ошол күнү алып кийген кийимим тытылган. Тытылган кийимимди кызга көрсөткөндөн уялып, автобуска да түшпөй, такси менен үйгө келгем. Эртеси ал кыз “Кечке күттүм, эмнеге келген жоксуң?” – деп таарынган. Итинен качканымды уялып айткан эмесмин. Роза гүлүн, овчарка итти көргөндө ошол окуя эсиме түшүп калат.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: