Menu

Мен уялбайм…

Бөлүшүү:

ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев карапайым калктын көпчүлүгү каттап, сапарын улап жүргөн маршруткага эл өкүлдөрү, алардын жардамчылары түшкөндөн уялаарын айтып, жамы журттун жаалына кабылган. Кайрадан бул “эң эле уяттуу депутаттын” айтканына кайрылууга аргасыз болуп, карпайым калктын дагы деле болсо каары Камчыбек мырзага төгүлүп турат. Айрым адамдарга кайрылып “маршрутка менен жүрөсүзбү, ага түшкөндөн уялбайсызбы?” деген обу жок суроону узаттык.

Сабира ОСМОНАЛИЕВА, Нарын районунун, Жан-Булак айылынын эмгек ардагери:
– Ушундай да суроо болобу? Окуучулар, студенттер ак сакалын жайкалтып, ак калпагын ардактап кийген аксакалдар, таза тыкан кийинген апалар, кыз-келиндер жол киресин төлөп түшүп жүргөн машинага түшкөндөн мен эмнеге уялам же ал койдун кыгын тарткан бусикпи? Депутат Жолдошбаев уялчаак экен, андай болсо ал жана башка депутаттар, министрлер өзүлөрү өкмөттүн эсебинен минип жүргөн кымбат баалуу машиналарын бизге берип, маршрутка менен жүрүшсүн. Эмне алар кудайдын эрке баласыбы?! Биз шайлабадык беле? Жыргатам, гүлдөтөм деген сөздөрүнө алданып калыптырбыз. Эрке талтаң кылган өзүбүз. Мушташкандан, боюнда бар аялды тепкенден эмнеге уялбай, жерге кирип кетпейт? Кыргыздын кымча бел кыздары кытайга тийип, сойкуларга айланып жатканына эмне уялбайт? Андай ээн ооз, арам акчасына көпкөн депутаттардан кутулбасак өлкөбүз өркүндөбөйт. Байлыгына, мансабына чиренгендер кутургандан кутура беришет. Мен уялбайм, пенсиям төрт миң беш жүз сом, ошол акча менен эле жашап жүрөм.

Кадыркул ОРОЗАЛИЕВ, Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагынын жашоочусу:
– Камчыбек Жолдошбаев Ат-Башы районунун, Терек-Суу айылында жашаган апага эки тонна көмүр түшүрүп берип, “Камчыбек Жолдошбаев деген мен болом! Жакында шайлоо болот, мени депутатка шайлагыла. Ошол үчүн ушул көмүрдү берип жатам, шайлабасаңар бетиңер ушул көмүрдөй карарып калсын”, — дептир. Ошентип акчасын чачып, көмүрүн ташып Камчыкең депутат болгон. Эми өтө эле уялчаак болуп, байыганда маршрутканы чанып, ага түшкөн адамдарды кемсинткендей сүйлөгөнү билимсиздиги, акылынын тайыздыгы. Менин машинам деле бар. Тыгынга кабылбай, эл түшкөн маршруткага түшүп жумуштарымды бүтүрүп жүрөм. Мен эмнеге уялам? Ууру кылып, ушак сүйлөбөсөм, бирөөнүн эмгегин жебесем, арам акчага азгырылбасам, өз карандай таза эмгегим менен жашап эл алдында жүзүм жарык, мен эмнеге уялышым керек?!

Сүйүн БУРБАЕВА, Кант шаарынын жашоочусу:
ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин “маршруткага эл өкүлдөрү, алардын жардамчылары түшүп жүргөн уят” дегени мырзалык эмес. Кекирейип бой көтөргөн, дээринде жок, өйдөсүнүп эрдемсинген пас адамдын сүйлөгөнү десек болот. Ак ниет эмгеги менен, адамгерчилик сапаты менен элдин кадырлоосуна татыган, иште да, жашоодо да адамгерчиликтин жогорку үлүшүн көрсөткөн, рухий байлыгы терең уул-кыздарыбыз акча каражатынын аздыгынан депутаттыкка өтпөй калган. Акчасына көпкөн ала көөдөндөр жогорку бийлик бутактарына илинип алып, маршруткага түшкөндөн уялат. Миллиондогон арам акчаларды алгандан, коомдук, мамлекеттик мүлккө кол салгандан, коррупциядан эмнеге уялбайт?! Азыркы ЖК депутаттары Рыскелди Момбеков, Садык Шер Нияз, Айнуру Алтыбаева, Каныбек Иманалиев, Жанар Акаев, Алтынай Өмүрбекова, Мыктыбек Абдылдаев чындыкты чыркыратып бетке айткан, глобалдуу ой жүгүртө алган, элге түркүк уул-кыздар гана таза иштеп жүрөт. Калгандары коомдогу ачуу чындыкты айткандан уялып жүрүшөт.

 Автандил Кадыркулов, Бишкек шаары милициянын полковниги:
– Камчыбек Жолдошбаевге окшогон депутаттарды эл шайлабай эле, партиянын тизмеси аркылуу доллар менен келген, ой-тоону сүйлөгөн, оозун ачып отургандар элди ойлобой эле, каягынан качырып алсам-жулсам деп жүрүшөт. Дагы эл түшкөн маршруткага отургандан уялышат имиш. Демиккен депутаттар кол тийбестиктерден баш тартабыз дешип бакылдап, шилекейин чачыратып жүрүшпөдү беле! Кана учугу узарган убадалары, жүз миңдеген долларды чачышып, депутат болоору менен демөөр күтүшүп, берген убадаларын желге учуруп, “кымбат баалуу машине, үй керек” дешип жыландын башын кылтыйтып, дагы деле болсо чет мамлекеттерге ар кайсы маселени чечет элек деп, элдин салыктан чогулткан миллиондогон сомдорун чачып сапар тартып жүрүшөт. Ошондойлору жок эле, алты партиядан ондон акылдуу, мыйзамды мыкты жазган, алкымын алты жерден тыйган алтымыш депутатты отургузуп коюш керек. Чет мамлекеттин президенттери, премьер-министрлери, депутаттары кызматтарына жөө, айрымдары велосипед тээп барып аброю түшпөй, тескерисинче калкына кайрымдуу, журтуна жугумдуу болушуп, өлкө мүдөөсүн жогору коюп жүрүшөт. Камчыбек Жолдошбаев маршруткага түшкөндөн эмес, башкадан уялсын акылы болсо… Эмнеден уялаарын өзү билет…

Назарбек Жабиев, Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылынын жашоочусу, эмгек ардагери:
– Камчыбек Жолдошбаев ЖК депутаттарына, алардын жардамчыларына боор ооруса, өзүнүн байлыгынан машина сатып берип кайрымдуулук жасаса болмок. Уялам дейт! Карапайым калкына жардам бере албай жүрөм, 80 млн. сом ай сайын депутаттарга, алардын 40 миң сом айлык алганына, андан сырткары 35 миң сом транспортуна кетип жүргөнүнө аябай уялып жүрөм десе, бали азамат депутат турбайбы демекпиз. Мага окшогон жайы-кышы жер тытмалаган дыйкандан, күнү-түнү карала-торала болуп иштеп жүргөн жумушчулардын түшкөн салыгынан ошого окшогон депутаттарды багып көптүрүп жүрөбүз. ЖК депутаттары Аида Касмалиева, Дастанбек Жумабеков, Карамат Орозова, Евгения Строкова, Альфия Самигулина, коомдук ишмер Адахан Мадумаров эл түшкөн троллейбус, маршруткада уялбай эле тескерисинче элдин көйгөйүн ошол жерден угуп, көрүп эли-журтунун урматына татып жүрүшпөйбү. Айтат десе эле адыраңдай бергендин кереги эмне?!

Суроо узаткан Асан АКМАТОВ

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: