Menu

Кыргызстанда Медиация Институтун киргизүү пландалууда

Бөлүшүү:

Жогорку соттун конференц залында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусунда “Медиациянын актуалдуу маселелери жана Кыргыз Республикасында укуктук жардам көрсөтүү ” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  жана жергиликтүү сотторунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, медиаторлор менен адвокаттар катышты.

Тегерек стол  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, “ Улуттук Медиация Борбору” коомдук бирикмеси жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы сот адилеттигинин жогорку мектеби  менен биргеликте уюштурулган.

Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева “Укуктук талаш-тартыштагы медиация: практика жана келечеги” аталыштагы пилоттук долбоорунун алкагында 11 соттор жана 18 судья окуудан өтүшкөндүгүн белгиледи. Төрайым  мамлекет тарабынан кепилдик боло турган  юридикалык жардам туурасындагы мыйзамдын маанилүүлүгүнө токтолуп, өлкөдө Медиация институтунун киргизилиши менен сотко чейин тараптардын талашын чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткандыгын айтты.

Ал эми “ Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмеси башкармалыгынын  төрайымы Гулсина Кожоярова 2014-жылдан 2018-жылга чейин 300 медиаторлор даярдалып, бир миңден ашык жарандар маалымат алгандыгын айтты. Бирок, айрым алыскы аймактарда медиаторлор жок болуп жаткандыгын айтып, алардын санын көбөйтүү керек экендигин белгиледи.

Мындан тышкары тегерек столго Урал юридикалык мамлекеттик университетинен  көз карандысыз эксперттер  Светлана Загайнова жана Галина Шереметова катышып, медиацияны өнүктүрүүдө  судьялардын ролу жана мамлекет тарабынан кепилдик боло турган юридикалык жардам туурасында доклад менен чыгышты.

Тегерек столдун катышуучулары жакында  кабыл алынган “ Медиация жөнүндө” мыйзамга токтолушуп, ал  укуктук талаштарды жөнгө салууда жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшөрүн белгилешти.

Иш чарага катышкан Урал юридикалык мамлекеттик университетинен  көз карандысыз эксперт  Светлана Загайнова Кыргызстанда “ Медиация  жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы менен, мамлекет жарандардын талаш-тартыш маселесин чечип берүүдө чоң кадам жасагандыгын белгиледи. Анын айтымында, Жогорку соттун өзүндө бул маселени талкулоо үчүн  бүгүн  аянтча түзүлүп жаткандыгы эле, соттордун  буга кызыкчылыгы бар экендигин көрсөтүп, колдоо көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн  Жогорку соттун жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары Светлана Загайнова Жогорку соттун Төрайымына медиация боюнча Урал юридикалык университетинин китептерин жана бул багытта жасалып жаткан илимий иштер камтылган журналдарды тапшырды.

Тегерек столдун жүрүшүндө, анын катышуучулары беш топко бөлүнүп, медиаторлордун ролу, деги эле медиациянын  оң жана терс жактарын талкууга алышты.

Иш чаранын соңунда , “Улуттук Медиация Борбору” коомдук бирикмесинин төрайымы Гулсина Кожоярова активдүү болгон бир катар медиаторлорго ыраазычылык каттарын тапшырды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: