Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылына 20 орундуу бейтапкана курулат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.
Жергиликтүү айыл өкмөтү тарабынан 14 миллион сомго каржыланган оорукананын курулушу үстүбүздөгү жылдын 20-февралында башталган жана октябрь айында аяктайт деп пландалган. Министрликтин маалыматына таянсак, өлкөбүздө заманбап ооруканалар дээрлик жетишпейт жана жогорку квалификациядагы адистер дагы элет жеринде абдан эле тартыш.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Булак: «Майдан.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ