– Президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок? Ал “экс президент экөөбүздүн ортобузда тиреш башталды” деген сөзгө жем таштаймбы деп корктубу?
– Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кадрларынан башында эле ажырашса болмок, элдин талабы ошол болчу. Анткени мурунку президенттин кадрларына баардыгы нааразы болуп айтылып келгени жашыруун эмес. Эң бийик кызматта кесипкөйлүгү, моралдык касиеттери, адамгерчилиги жана мамлекетке, элге берилгендиги жок болсо, кыска сөз менен анда адамдын деңгээли жетишпесе, андай адамды эч ким тоготпойт. “Жумуштан алып коет, же жеткизип барат” деп коркушу мүмкүн, бирок адам коркконунан эмес, кызматына берилгенинен иштесе мамлекетибиз пайдалуу болуп, жарытылуу жыйынтык чыкмак. Ошондуктан президент “кетем” деген кишиден “дагы эмне болуп кетет?”- деп кооптонбой, иштин көзүн таба билген адамдарды тартышы керек. Бул жерде “Сократ менин досум, бирок чындык андан кымбат” деп досу Атамбаевге ачык эле айтып, өзүнүн Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрүн ишке ашырыш керек, ал үчүн таза адамдарды кызматка алышы шарт.
Булак: «Майдан.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ