Menu

“Бишкек-Нарын-Торугарт” автожолунда ремонттук иштер жүргүзүлөт

Бөлүшүү:

Аба-ырайынын катаалдыгынан улам “Кыямат-Күркөл” темир жолундагы 148-темир жол кайчылашындагы тосмо дубал талкаланып баштаган, –  “Кыргыз темир жолунун” басма сөз кызматы.

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 1-мартынан тартып, 15-июньга чейин “Бишкек-Нарын-Торугарт” автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 132 чакырымындагы тосмо дубалдарды бекемдөө иштери жүргүзүлөт.

Бекемдөө иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, “Бишкек-Нарын-Торугарт” автомобиль жолунун 130-чакырымынан тартып, 135-чакырымына чейинки бир багыттагы автомобиль жолу убактылуу жабылат.

2018-жылдын 1-мартынан тартып, 15-июньга чейин саат: 9-00 дөн 17-00 гө чейин автомобиль каттамы Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынып турат. Эскерте кетсек, бекемдөө иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: