Буга чейин жол эрежесинин талаптарына ылайык төрт ирет жол эрежесин катары менен бузган айдоочу МАИден экзамен тапшырышы керек болсо, эми бул эреже өзгөрдү. Бир жыл ичинде үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайрадан окуп келүүгө жибериле турган болду. Бул тууралуу Административдик кодекске өзгөртүү киргизүүдө сунушталып, учурда коомдук талкууга чыгарылган. Маалыматта: “Бир жыл ичинде үч ирет жол эрежесин сактабаган айдоочу кайра башынан айдоочулук окуу жайда окуп, сынакты ийгиликтүү тапшыргандан кийин гана машина айдоого уруксат алат. Мындан тышкары, машинанын техникалык жагын жакшы карабагандар үчүн да айыптын өлчөмү беш эсеге көбөйтүлөт. Жөнөкөй жарандарга 5 миң, мамлекеттик кызматкерлерге 10 миң, сом төлөө милдеттендирет. Бузук машинаны айдагандар 2 миң сом айып төлөйт.” – деп айтылат. Булардан тышкары катуу айдагандар, жол эрежесин сактабагандар үчүн да айып пулдун көлөмү кыйла өсмөкчү. Учурда бул мыйзам долбоорун колдогондор аз эмес. Демек, колдоо табат десек болчудай.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ