Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан Иштамберди кенинде өз алдынча алтын казган жумушчулар сурак берип жатканын ИИМ маалыматта “Фулд Голд Майнинг” алтын казуучу фирмасынын жетекчилиги райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылгандыгы айтылат. Иштамберди кенинин “Горный” деп аталган шахтасына 20-февраль түнү Чаткалдын Кызыл-Токой айылынын элүүдөй тургуну келип, өзүм билемдик менен кен казып киришкенин билдирген. Бир аз баш аламандыкка да жол берилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кенди милиция кызматкерлери кайтарып турат. Аталган алтын кенинде кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 400гө чукул адам иштеп жатат.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ