Menu

Аскер Сакыбаева, эркин журналист: “Журналисттерди миллиондор менен кыса беришсе, сөз эркиндиги жок болот”

Бөлүшүү:

Өз чындыгынан, позициясынан тайбаган, айтаары бар интелли­генция өкүлдөрү саналуу. Алардын бири Аскер Сакыбаева эже. Саясат, коом жарасына чырылдаган каарманыбыз сөз эркиндиги тууралуу ой бөлүштү.

– Азыр жайнаган сайттар, телеканалдар, гезиттер бар. Бирок сапаты жоктой. Ачык чындыкты айта койгондор дароо эле төө бастыда калып, жабылып же соттон сотко иштери сүйрөлүп, мойнуна миллиондор илинип калууда. Бүгүнкү сөз эркиндигинин абалына кандай баа бересиз?

– Буга чейин да айтып келдик эле, кайталагандан келме бузулбайт эмеспи, сөз эркиндиги азыр жокко эсе. Өз оюн эркин айткан, атайын иликтөө жүргүзгөн журналисттерди (Кабай Карабеков, Элнура Алканова) президент, премьер баш болуп, кол карама соттору аркылуу миллиондорду мойнуна илип, кылмыш жообуна тарттырып жатышат. Эл башчылары ушундай «өрнөк» көрсөтүп жатышса, кайдагы сөз эркинди­ги тууралуу айтууга болот?!

Азыркы учурда массалык маалымат каражаттарынын мейкиндиги бийлик тарабынан небак эле бөлүнүп калган. Кимиси кимдин камчысын чабары белгилүү. Көз карандысыз болууга аракет кылган, альтернативалуу ой-пикир айткан ММКделе бар, бирок алар абдан эле аз. Дагы жакшы, интернет болуп калып, элдин анча-мынча бугу ошол жактан чыгып жатат. Эгер азыркыдай абал менен миллиондорду мындан ары дагы журналисттердин мойнуна илүү өнөкөтү ула­на берсе, сөз эркиндиги дегенди таптакыр жыйыштырып коюуга туура келет.

– Александр Кимдин акыркы сот иштери боюнча сиздин пикириңиз?

– Бул эми мыйзамдын гана эмес, адамдык парасаттын алкагына да сыйбаган ырайымсыз иш болду. Азыр чындап эле кош бийлик өкүм сүрүп жаткандыгын ушул иштен билсе болот. Би­рок, качандыр бир кезде мындай соттук иштер ревизия болоруна ишенем. Анткени, мындай иш­тер унутулуп калса, сот системасы дегеле оңолбойт.

– ТЭЦ боюнча ФБ баракчаңыздан ачуу ойлоруңузду билдирип жүрөсүз. Акыркы жыйынтыгы тууралуу эмне айта аласыз?

– ТЭЦти ремонттоого алынган 386 млн. долларлык кредиттин кандайча иштетилгени – азыркы кыргыз бийлигинин чыныгы абалын көрсөтүп турат. Орой айтканда, «кыргыз өкмөтү этегин үзө баскан бир жаман аялча жок экен» деген ой келет. Жөнөкөй эле айтканда, ошончо акчаны Кытайдан карыз алып, кайра өздөрүнө ремонт кылдырышты, туурабы? Эми жок дегенде ремонт бүткөндө кабыл алуу иштерин тыкыйта жасаш керек эле да! Тиги жаман аял бир болмө үйүн бирөөгө ремонт кылдырганда «мунуң канча акча турат?», «тигиниң эмне?», «момуну кантип жасадың?» деп сурап алат эмеспи. Биздин өкмөт миллиондогон акчаны төлөп берип жатып да, «мунуң кантип буралат?», «мобуга канча акча короттуң, кокус авария болуп калса эмне кылыш керек?» деп сурап алышпаптыр го, чиркин… Эми түштөн кийин да коротулган акчанын чоо-жайын кытайлардан сурай албай жаткандан кийин, башка өлкөлөр мындай суммага жаңы ТЭЦтерди ошол эле кытайларга салдырып жаткандыгын билгенден кийин, 386 млн. долларга биздин ТЭЦтин 30 гана пайызы ремонт болгонун билгенден кийин, мындай өкмөттү канча сөксөң да аздык кылат. Демек, биз дагы эле өз жерибизге, өз байлыгыбызга өзүбүз ээ эмес экендигибизди ушул иш көзгө сайып көрсөтүп турат. Бирок, бул иш кандайча болгонун, миллиондор кайда кеткендигин азыркы бийлик жакшы эле билет. Болгону буга бийликтен кетимиш болгон мурдагылар аралашып калгандыктан унчуга албай турушат. Бул дагы ачыкка чыгып, элди карызга батырган шылуундар жооп бериш ке­рек да.

– Бүгүнкү саясый акыбалыбыз, кош бийлик тууралуу кандай ойдосуз?

– Саясый жагдай «кимди кимди жеңээр экен» дегендей күтүү абалында тургансыйт. Азыркы президент да мурдагылардан шарт эле куйрук үзүп кете албай тургандыгын көрүп турабыз. Би­рок, мындай абал көпкө созулбаш керек. Эгер президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча боло албаса, анда «мени эл шайлаган» деп айтууга акысы жок да, туурабы? Азыркы президентти таза адам экендигине азырынча ишеним бар, үмүт үзбөй туралы.

Баардык жерде кош бийлик жүрүп жаткандыгын көрүп ту­рабыз. Айрыкча сот бийлигинде. Ал эми өкмөттүн кандай иштемиш этип жаткандыгын баарыбыз эле билсек керек. Жакында эле Сапар Исаков 2017-жылы өсүш болгондугун айтты, бирок кайсы тармак өсүп жаткандыгын биз көрбөй жатабыз. Иштегенине жарым жыл болуптур, эмне жыйынтык, кандай натыйжага жеткендигин айтуу кыйын. Би­рок азыркыча айтканда пиарды, кыргызча айтканда, мактанганды жакшы көргөн жигит экен, бир бечаранын үйүнө кирип, баласынын башынан сылаганын тоодой кылып мактанат. Бутун чечпей кирип, текеберленгеничи?! «Жаштарды койбой жатасыңар! Жаштар бийликке келсе эле алдыга жылыш болот!» деп өпкөлөгөндөр бар эле. Мына, жаштардын кандай экендигин да көрүп жатабыз…

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: